Казакстан ОПЕК+ учурдагы келишимдин мөөнөтүн узартуу боюнча чечимин колдоду

Казакстан ОПЕК+ учурдагы келишимдин мөөнөтүн узартуу боюнча чечимин  колдоду

ОПЕК+ уюмуна мүчө өлкөлөр учурдагы келишимди узартты. Ага катышкан мамлекеттер теке айынын аягына чейин мунай өндүрүүнү кыскартышат. Бул убакыт аралыгында буга чейин макулдашылган көлөмдө күнүнө 9,7 миллион баррель мунай өндүрүлөт. Кара алтын экспорттогон 20 өлкө чийки зат көлөмүн баш оона айынын 1не чейин кыскартат. Анын ичинде Казакстан өндүрүштү 390 миң баррелге чейин кыскартып жатат.

Эскерте кетсек, жалган куран айында тараптар бир пикирге келе албай кара алтындын баасы түшүп кеткен. Бул өз кезегинде дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизген.

Бугу-кулжа айларында болгон келишимди дагы бир айга узартуу чечимине бул жолу Мексика макул болгон жок. Башка мүчө өлкөлөр бул чечимди колдошту. Учурда Сауд Аравиясы, БАЭ жана Кувейт бардык талаптарды кынтыксыз аткарып келүүдө. Ал эми квотадан ашкан өлкөлөр, мисалы Азербайжан, Нигерия жана Ирак өндүрүштү кийинки үч айда кыскартууга милдеттүү. Ошондой эле, Алжир мамлекети анын 7% гана аткарган. Бугу айынын акыркы жумасында жана кулжа айынын башында жолугушуудан мурун мунайга болгон баанын 10% жогорулаганы байкалды. Үч айда биринчи жолу Brent мунайынын бир баррели 42 долларга көтөрүлдү. Азыркы учурда мунай рыногу жөнгө салынууда. Серепчилер баалар мындан ары дагы жогорулай берерин айтышууда. Божомолдор боюнча, теке айында суроо-талаптын көбөйүшү күтүлүүдө.

Казакстандын Энергетика министрлиги ОПЕК+ чечимин колдоду. Анткени мекеменин кабарлашынча, учурдагы келишим дүйнөлүк мунай индустриясына оң таасир эткен. Кампада корлор болгон эмес, бул өз кезегинде кара алтынга дүйнөлүк баанын өсүшүнө түрткү берет.

 

Фото: finance.kz