Экономисттер кыймылсыз мүлккө каражат салууга кеңеш берет

Экономисттер кыймылсыз мүлккө каражат салууга кеңеш берет

Коронавирус пандемиясы, мунайга болгон баанын түшүшү - казакстандыктардын жашоо-шартына түздөн-түз таасир этүүдө. Ошондуктан, кандайдыр бир аманаты бар ишкерлер инвестиция салып, киреше таба турган мезгил келди дешет адистер. Кээ бир адамдар баалуу кагаздарга жана облигацияларга инвестиция сала баштады. Ал эми фонддук рыноктун сырын түшүнбөгөндөр үчүн эмне кылуу керек? Серепчилер кыймылсыз мүлк сатып алуу бүгүнкү күндө эң пайдалуу жана ишенимдүү актив деп эсептешет.

«5-10 жыл аралыгында баалар ар кандай болгондуктан үйдү сатып алган адам, тилекке каршы, уттурду деп эсептелген. Бүгүн кырдаал башкача. Бул тармакка инвестиция салган ар бир адам 5-6 жылдан кийин 40% киреше алат», - дешет экономисттер.

Адистердин айтымында, Казакстандын ар кайсы аймактарындагы кыймылсыз мүлктүн орточо баасы ар кандай, андыктан киреше булагы ошого жараша болот. Мисалы, Актау шаарынын тургундары бир бөлмөлүү батирди 6 миллион теңгеге сатып алышат. Павлодардыктар үчүн бул болжол менен 7 миллион тенге. Атырау, Уральск жана Талдыкорган шаарларындагы батирлердин орточо наркы 8 миллион тенге. Караганды жана Өскемен шаарларында кымбатыраак, мында бир бөлмөлүү батирдин баасы 9 миллион теңге. Эң ири инвестициялар Нур-Султан жана Алматы шаарларына туура келет. Бул жердеги бир батирдин баасы 13 миллион жана 15 миллион теңгени түзөт.

«Кыймылсыз мүлк наркы ар кандай каржылык туруксуздукка карабастан анын өсүү деңгээли бир калыпта. Үй сатып алууда мүлктүн мүнөздөмөлөрүн, анын жайгашкан жерин, курулуш компаниясынын тажрыйбасын жана аброюн эске алуу керек», - дешет адистер.

Фото: Total.kz