Серепчилер: e-commerce рыногу өнүгүүнүн жаңы жолуна түштү

Серепчилер: e-commerce рыногу өнүгүүнүн жаңы жолуна түштү

Дүйнөлүк бизнес жаңы кырдаалга ылайыкташып, маркетингдин адаттан тыш кадамдарын издөөгө басым жасады. Серепчилер муну макротенденция деп атап жатышат. Пандемияга чейин жигердүү өнүгүп келе жаткан электрондук соода-сатык мурдагыдан да күч алды. Эл аралык McKinsey & Company консалтинг компаниясынын адистери акыркы убакытта товарлардын бардык түрлөрүнө онлайн суроо-талап жогорулаганын айтат. Ошондуктан компаниянын өкүлдөрү ишкерлерге бул тармакка көңүл буруп, инвестиция салууга кеңеш беришүүдө.

Пандемия учурунда лайф-стриминг сыяктуу сатуу каражаттары Кытайдын байыркы жибек өндүрүүчүлөрү тарабынан да колдонулуп, жогору бааланган. Алар өз өнүмдөрүн интернеттеги түз эфирден сата башташты.

«Пандемия сатыкка түздөн-түз таасир эткенден кийин, оффлайн бренддерди онлайн платформаларда жеткиликтүү кылуу милдеттүү болуп калды. Буга чейин бизге интернет-дүкөндөргө чыгып, соода жүргүзүүнүн кажети жок болчу. Анткени биздин өнүмдүн ага муктаждыгы жок эле. Ансыз да суроо-талап абдан жогору болгон. Деген менен жаңы формат биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири болуп калат», - дейт жибек өндүргөн Шанхай компаниясынын арт-мүдүрү Чжан Нинцзя.

Интернеттеги түз эфирдин натыйжалуулугу жөнүндө кытайлык кеңсе товарлары компаниясынын өкүлдөрү да белгилеп жатышат. Мындай мамиле аларга сатууну көбөйтүүгө жана жеткирүү географиясын кеңейтүүгө мүмкүндүк берген.

«Салттуу маркетингде сизге жаңы өнүм сунуштоо үчүн 2-3 ай даярдык керек. Ар кандай иш-чараларды жана акцияларды уюштуруу зарыл. Ал эми лайф-стримдин жардамы менен сиз максатка тез жете аласыз. Жарнамага жумшала турган чыгымды эске ала турган болсок, лайф-стрим натыйжалуураак», - дейт кытай кеңсе товарларын чыгарган компаниянын электрондук коммерция менеджери Чэнь Линь.

Бул соода тармагында бир гана ноу-хау эмес. Көптөгөн компаниялар өз бизнеси үчүн жаңы шаймандарды ойлоп табууну башташты. Электрондук коммерциянын чат боттору, жасалма интеллект, унаа окуу жана bigdata сыяктуу IT тармактары иштеп чыгууларды колдонот. Мисалы, америкалык электрондук соода платформалары виртуалдык кийимди өлчөө кызматын ишке киргизди. Аны менен катар, бул кызматты тиричилик техникаларын сатуучулар дагы колдонууда. Заманбап технологиялардын жардамы менен тандалган объекттин интерьердеги шайкештигин алдын ала көрүүгө мүмкүндүк бар.

Казакстан да глобалдык тенденциялардан четте калган жок. Интернеттеги жарнамалык сайттардын биринин башкы мүдүрү казакстандыктардын интернет-дүкөндөргө деген кызыгуучулугу артканын белгилеп өттү.

«Учурдагы кырдаал керектөөчүлөрдүн интернет-дүкөндөргө  делген кызыгуусун арттырат. Ошол эле учурда, бизнести электрондук соодага өткөрүүгө көбүрөөк түрткү берет деп ойлойбуз», - дейт Мария Левина.

Белгилей кетсек, дагы бир ири казакстандык электрондук соода платформасындагы буйрутмалардын суммасы 69 миллиард теңгени түзүп, рекорддук деңгээлге жетти. Бул өткөн жыл менен салыштырганда эки эсе көп.

 

Фото: tadviser.ru