Дүйнөлүк банктын серепчиси: агро өнөр жай БА өлкөлөрү экономикасынын драйверине айланышы мүмкүн

Дүйнөлүк банктын серепчиси: агро өнөр жай БА өлкөлөрү экономикасынын драйверине айланышы мүмкүн

COVID-19 глобалдык пандемиясы дүйнөлүк азык-түлүк рыногун олуттуу туруксуздукка алып келген жок. Пандемия Борбордук Азия аймагынын азык-түлүк коопсуздугу менен айыл чарбачылыгы тармагына да катуу таасир эткен жок. Анын чөлкөм мамлекеттеринин ИДӨдөгү үлүшү ар кандай. Бул көрсөткүч Казакстанда 4,4%, Кыргызстанда 11,6%, Тажикстанда 19,2%, Түркмөнстанда 20.0% жана Өзбекстанда 28,8% түзөт.

Мындай изилдөө маалыматтары менен аймактын ЖМК жана серепчилик коом өкүлдөрү менен Дүйнөлүк банктын айыл чарбачылык боюнча алдыңкы экономисти Сергий Зоря бөлүштү.

Борбордук Азия өлкөлөрү өзгөчө кырдаал учурунда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана агро өнөр жай комплексин колдоо боюнча чукул чараларды колго алды. Аймактын өкмөттөрү мамлекеттик азык-түлүк корун сарамжалдуу пайдалануудан тышкары, алардын көлөмүн көбөйтүүгө, ички өнүмдөрдүн базардагы бааларын турукташтырууга жана импорттун наркын төмөндөтүүгө көңүл бурушту. Ошондой эле, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тармак адистеринин көмөгү менен өнөр жайга жана айыл чарба өнүмдөрүн ташууга болгон чектөөлөрдү жеңилдетти. Фермерлер жана ишканалар үчүн насыя жана башка төлөмдөрдү аткаруу убакытын узартты. Бул эмгекчилерди шыктандырды.

«2020-жылы айыл чарбачылыгы Борбордук Азиядагы туруктуу экономикалык өнүгүүнүн драйвери болушу мүмкүн. Ошондой эле, бул тармак башка тармактарга караганда жумуш орундары менен көбүрөөк камсыз кылат», - дейт Сергий Зоря.

Серепчинин айтымында, өлкө өкмөттөрү пандемиядан кийин айыл чарба товарларынын соода тармагын жандандырууга аракет жасашы керек. Аймактык кызматташууну өркүндөтүп, фитосанитардык коопсуздукка, азык-түлүктүн мамлекетик корун башкарууга, тармакка инвестиция тартууга жана агро өнөр жай комплексин максималдуу санариптештирүүгө көңүл бурушу зарыл.

 

Фото: astanatimes.com