ОПЕК+ мунай өндүрүшүн кыскартуу мөөнөтүн узартышы мүмкүн

ОПЕК+ мунай өндүрүшүн кыскартуу мөөнөтүн узартышы мүмкүн

ОПЕК+ кара алтын өндүрүшүн кыскартуу боюнча келишимди узартууну карап жатат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды. Анда кыска мөөнөттүү келишимдерге артыкчылык бериле турганы айтылат.

ОПЕК+ мүчө-мамлекеттери бугу-кулжа айларында чийки зат өндүрүүнү күнүнө 9,7 миллион баррелге азайтууга макул болушту. Ал эми жылдын экинчи жарымында 7,7 миллион жана 2022-жылдын чын куран айынын аягына чейин 5,8 миллион тоннага чейин кара алтын өндүрүү макулдашылды.

Деген менен жакынкы күндөрү мунай өндүрүшүнө байланыштуу бир катар маселелер чечилиши мүмкүн. Кулжа айынын 9-10на  мерчемделген видеоконференция жүрүшүндө мунай экспорттоочу өлкөлөр аталган келишимди жана учурдагы базардагы абалды талкуулашат. ОПЕК+ Мониторинг Комитетинин отуруму кулжа айынын сегизине белгиленген. Учурдагы келишим кулжа айында чийки зат өндүрүшүн кыскартуу мезгилин бир кыйла кыскартканы белгилүү. Бул рынокко суткасына 2 миллион баррель мунай өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

 Бирок ОПЕК+ президенти, Алжирдин энергетика министри Мохамед Аркаб кулжа айынын 9-10 белгиленген жолугушууну кулжа айынын 4дө өткөрүүнү сунуштады. Алдыдагы жолугушуунун чечимине ылайык, ар кандай пикирлер жана божомолдор айтылат. Ал эми жолугушууга чейин дүйнөлүк мунайга болгон баалар түшүп жатат. Brent мунай фьючерстеринин баррели 37,64 долларды түзүп, 0,53%га арзандады. Теке айындагы WTI маркасындагы фьючерстер 0,48%га төмөндөгөн. Ошентип, анын баасы баррелине 35,31 долларга чейин түшүп кетти.

 

Фото: oilcapital.ru