Серепчилер: Дүйнөлүк рынок кайрадан жанданууда

Серепчилер: Дүйнөлүк рынок кайрадан жанданууда

Кытайдын өндүрүш тармагында ишкердик жигердүүлүгүнүн кескин өсүшү байкалууда. Адистердин айтымында, Кытай Эл Республикасындагы бул өсүш башка өлкөлөрдүн ИДӨсүнө оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Пекиндин экономикалык жана технологиялык өнүгүү аймагы кайрадан жандана баштады. Көптөгөн чет элдик компаниялар керектөөчөлүк аянтында жана дарамети чоң Кытай рыногунда иштөөгө кызыктар. Алардын катарында заманбап пневматикалык технологиялар жаатында кызмат көрсөтүүчү жапон компаниясы да бар. Башкы мүдүрү Ма Цинхайдын айтымында, үчтүн айынан чын куран айына чейин компаниянын өндүрүштүк кубаттуулугу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10%га жогорулаган. Ага ылайык, өндүрүштүк базаны кеңейтүү мерчемделүүдө.

«Жапон бюросунун маалыматы боюнча, Кытайдан кетүү планыбыз жок. Тескерисинче, алдыдагы теке айында биздин жаңы программабызды Пекин жана Тяньцзинь заводдорунда ишке киргизүү мерчемделүүдө. Анын аянты 360 миң чарчы метрди түзөт. Биз Кытай рыногундагы инвестициябызды өркүндөтүп жатабыз», - дейт Ма Цинхай.

Технологиялык модернизациянын ортосунда жүргөн Ма Цинхайдын айтымында, өндүрүш көлөмү дале күч алууда. Мурдагы байланыштар жанданып, бекемделди. Унаа кураштырган ири германиялык завод келечекке ишеним менен карайт.

«Биз токтоп калган базардын кайра калыбына келгенине абдан кубанычтабыз. Биз жагдайдан пайдаланып, бааны көтөрүү сыяктуу кыска мөөнөттүү чечимдерди кабыл албайбыз, тескерисинче ага ылайык иш алып барабыз», - дейт немис унаа өндүрүш филиалы компаниясынын башкы мүдүрү Арно ван дер Мерве.

Чет элдик компаниялар КЭРнын экономикасы башка өлкөлөргө таасир этерин жакшы билишет. Ошондуктан алар мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, өз долбоорлорун дароо ишке ашырууга массалык  киришип жатат.

Фото: ulsu.ru