Агро өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн жаңы концепциясы иштелип чыкты

Агро өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн жаңы концепциясы иштелип чыкты

Казакстандын дүйнөлүк азык-түлүк хабынын бирине айланууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу бүгүн Өкмөт отурумунда премьер-министр Аскар Мамин билдирди.

«Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) болжолуна ылайык, Казакстан агро өнөр жай комплекси тармагында дарамети жогору АКШ, Австралия, Бразилия жана Аргентина мамлекеттеринин катарында жана дүйнөлүк азык-түлүк хабына айланууга реалдуу мүмкүнчүлүгү бар. Буга жетишүүгө болорун белгилеп кетким келет», - деп токтолду Аскар Мамин.

Премьер-министр жазгы талаа иштеринин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүлүшү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун негизги элементи болуп саналарын баса белгиледи.

«Мамлекет бул жаатта ишти каржылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Белгилүү болгондой, Президенттин тапшырмасы боюнча быйыл жазгы талаа иштерине бөлүнгөн каражаттын көлөмү эки эседен ашык көбөйдү. Бул айыл чарба иштерин толук көлөмдө жүргүзүүгө, өсүмдүк чарбачылыгында жалпы өнүм чыгарууну 3,1 триллион теңгеге чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет», - дейт Өкмөт башчысы.

Премьер-министрдин айтымында, дан эгиндеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ал белгилегендей, мол түшүмдүүлүк айыл чарба технологияларын тартуу, сапаттуу үрөндөрдү жана жер семирткичтерди пайдалануу, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттарды колдонуу менен шартталат. Мамлекет бул багытта олуттуу колдоо көрсөтүп жатат. Жер семирткичтер менен пестициддерди алууга жумшала турган чыгымдын  50%на чейин субсидия берет.

«Улуттук экономика министрлигине Улуттук банк жана Айыл чарба министрлиги менен бирге Экономикалык Программанын алкагында каражаттарды максаттуу пайдаланууну, анын ичинде айдоо жерлерин химиялык тазалоо жана жыйноо боюнча иш-чараларды каржылоону кеңейтүүнү тапшырам», - деди Өкмөт башчысы.

Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында заманбап технологияларды колдонуу менен сугат жерлерин кеңейтүүгө, ошондой эле, өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

«Айыл чарба министрлигине ар бир региондун айыл чарба тармагынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен акимдер менен бирдикте агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну  тапшырам», - дейт Аскар Мамин.

 

Фото: ult.kz