ЕАЭБ аймагында товар алмашууну натыйжалуу көзөмөлдөө камсыз кылынат

ЕАЭБ аймагында товар алмашууну натыйжалуу көзөмөлдөө камсыз кылынат

Парламент Сенатынын жалпы жыйынында "Евразиялык экономикалык биримдигинин бажы аймагына ташылып келинүүчү товарларга көзөмөл кылуу механизми жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Мыйзам долбоору кабыл алынды. Эске салсак, келишимге мүчө мамлекеттердин лидерлери 2019-жылдын бугу айынын 29да Нур-Султан шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунда кол коюшкан.

Макулдашуунун негизги максаттары - товарлардын жүгүртүлүшүн натыйжалуу контролдоону камсыз кылуу, мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо, салык төлөбөөнүн алдын алуу, бюджетке салык жана бажы төлөмдөрүн көбөйтүү болуп саналат.

«Макулдашуунун жоболору Евразиялык экономикалык биримдигинин бажы аймагына ташылып келинген товарларды көзөмөлдөө механизмин түзүүнүн шарттары менен тартибин жөнгө салат. Көзөмөл импорттолуучу товарларга жүргүзүлөт. Көзөмөлгө алынуучу товарлардын тизмеси Евразиялык экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан бекитилет. Ар бир мамлекет өзүнүн улуттук көзөмөл тутумун түзүшү керек, ошондой эле, салык төлөөчүлөр өздөрүнүн коштоочу документтерин ушул системада  каттоосуна көзөмөлдү камсыз кылууга тийиш. Эгерде ушул системада документтер аткарылбаса, ЕАЭБ алкагында товарларды ташууга тыюу салынат», - дейт РКнын каржы министри Ерулан Жамаубаев.

Документ Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин союздаш мамлекеттеринин ортосундагы көзөмөл боюнча маалымат алмашуу талаптарын аныктайт. Мындай аракет Евразиялык экономикалык биримдигинин интеграцияланган маалымат платформасы аркылуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Товарлардын алмашуусуна мониторинг жүргүзүү механизмин киргизүү этап-этап менен жүзөгө ашырылат.

«Келишим бардык мүчө мамлекеттер тарабынан ратификациялангандан кийин, ар бир мамлекет 120 календардык күндүн ичинде көзөмөлдөө механизмин координациялоого жана ишке ашырууга жооптуу. Пилоттук долбоор келишим күчүнө кирген күндөн тартып 12 айдын ичинде ишке киргизилет», - дейт Ерулан Жамаубаев.

Ошондой эле, пилоттук долбоордун натыйжалары боюнча көзөмөлдөө тутумунун туруктуу иштөөсүнө өтүү тууралуу чечим кабыл алынат.

 

Фото: akchabar.kg