Теңге баасына байланыштуу серепчилердин пикири

Теңге баасына байланыштуу серепчилердин пикири

Мунайга болгон баанын жогорулашына байланыштуу теңгенин да абалы жакшырууда. Бүгүн Казакстандын фонду биржасынын валюталык соодасында теңгенин долларга карата курсу 417ни түздү. Адистердин айтымында, улуттук валюта ушул жума ичинде туруктуу түрдө өсөт. Мисалы, экономист Олжас Тулеуов теңгенин долларга карата курсу 413-415 болот деп болжолдойт.

«Буга ушул аптадагы кварталдык салыктар таасир этет. Бугу айынын 25не чейин экспорттоочулар менен жергиликтүү рынокко ылайыкташкан компаниялар улуттук фондго жана республикалык бюджетке үч миллиарддан ашык доллар төлөшөт. Алар корпоративдик кирешеге салык, пайдалуу казууларды өндүрүү салыгы жана айлана-чөйрө эмиссия сыяктуу ар кандай төлөмдөрдү жасашат», - деп түшүндүрдү Олжас Тулеуов.

Ошол эле учурда, экономист салык жумасынан кийин теңгенин наркы мурдагы деңгээлге кайта тургандыгын эскертти. Каржылык жаатында серепчи Александр Янюк да улуттук валютанын алмашуу курсу жөнүндө пикири менен бөлүштү.

«Өткөн аптада теңгенин долларга карата алмашуу курсу турукташканын байкадык. Ушул жумада да анын наркы туруктуу бойдон калат деп ойлойм. Буга мунайга болгон баанын көтөрүлүшү жана өзгөчө кырдаалдан кийин экономикалык калыбына келүү себеп болушу мүмкүн. Учурда Казакстандын өкмөтү салык салуунун жаңы тутумун өнүктүрүүнү караштырууда. Бул жараян инвесторлор үчүн абдан кызыктуу болот. Себеби, бул өлкөнүн инвестициялык абалын жогорулатышы мүмкүн», - дейт Александр Янюк.

Айта кетүүчү жагдай, мунайга болгон баанын жогорулоосу орус рублинин, Норвегиянын крону, Мексика песосу жана Канада долларынын наркына оң таасирин тийгизди.

 

Фото: toppress.kz