Мунай баасы рекорддук деңгээлге жетти

Мунай баасы рекорддук деңгээлге жетти

Brent маркалуу мунай баасы баррелине 33 доллардан сатылууда. Бул чын куран айынын 13нөн берки эң жогорку баа. Муну Лондондун ICE биржасындагы соода-сатык маалыматтары ырастайт. Ал эми WTI маркалуу мунай баасы 30 долларга чейин көтөрүлдү. Бул "кара алтындын" бир айдагы рекорддук баасы.

Серепчилер мунай рыногундагы жанданууну ОПЕК+ мүчө өлкөлөрдүн чын куран айынын 12деги келишим менен байланыштырышат. Анда бугу жана кулжа айларында көмүр суутектин өндүрүшүн суткасына 10 миллион баррелге, экинчи жарымында 8 миллион жана 2022-жылдын чын куран айынын аягына чейин 5,8 миллионго кыскартуу макулдашылган. Бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Сауд Аравиянын өндүрүштү ыктыярдуу түрдө кыскартуу чечими да бааларга оң таасирин тийгизди.

Эске сала кетсек, мунай өндүрүүчү ири мамлекеттердин келишими мунайга болгон баанын кескин түшүүсүнө алып келген. Коронавирустук пандемия жана көмүр суутектерге суроо-талаптын төмөндөшү да баага болгон маселени татаалдаштырган.

 

Фото: caspianbarrel.org