Поезд жүргүнчүлөрү менен кызматкерлерине карата талаптар белгилүү болду

Поезд жүргүнчүлөрү менен кызматкерлерине карата талаптар белгилүү болду

Бүгүнтөн тарта өлкөдө темир жол билеттери сатыла баштады. Эске сала кетсек, кулжа айынын биринен баштап мамлекеттик башкы санитардык дарыгердин талаптарын эске алып, ички темир жол кызматын этап-этабы менен жандандыруу мерчемделүүдө. Бул максатта бир нече карантиндик жана санитардык талаптар коюлган.

Эми темир жол бекетине жүргүнчүлөр медициналык беткапсыз жана билетсиз киргизилбейт. Ошондой эле, эч кандай коштоочулар болбойт. Бул тууралуу транспорт боюнча мамлекеттик башкы  санитардык дарыгер Садвакас Байгабулов билдирди.

Анын айтымында, поезддер кичи бекеттерге токтобойт, жүргүнчүлөр ири станцияларда гана жүктөлөт жана түшүрүлөт. Сапардын алдында ар бир адамдын дене табын текшерилип, жолдо анкета толтурулат. Жүргүнчүлөргө поезддин вагондорунун арасында жүрүүгө жана эч кандай себепсиз купеден чыгууга тыюу салынат. Ар бир составда желдеткичтин бар экендиги катуу көзөмөлгө алынат.

Эгерде вагондор санитардык нормаларга жооп бербесе, алар деподон чыгарылбайт. Мындан тышкары, темир жолдогу бардык кызматкерлер колкап жана беткап тагынып жүрүүгө миллеттүү. Ошондой эле, санитардык талапка ылайык, поезддерде антисептик, дары-дармек жана башка да зыянсыздандыргыч заттардын болушу шарт.

«Нөөмөт алдында, сапар алдында станциянын жана поезддин кызматкерлерин медициналык кароодон өткөрүү, дене табын өлчөө мерчемделүүдө. Келечекте региондордо коронавирустук инфекциянын абалы турукташса жеңилдетүү талаптары акырындык менен кайра каралып чыгат», - деди транспорт боюнча мамлекеттик башкы санитардык дарыгер.

 

Фото: iz.ru​