Мамлекеттик казынаны оптималдаштыруу: ким жана канча каржы үнөмдөйт?

Мамлекеттик казынаны оптималдаштыруу: ким жана канча каржы үнөмдөйт?

Өлкөнүн министрликтери жана акимчиликтер чыгымдарын оптималдаштырууну улантууда. Эске салсак, былтыр жалган куран айында Улуттук экономика министри Руслан Даленов имидждик жана бир катар инвестициялык долбоорлорду кыскартуунун аркасында 300 миллиард теңге көлөмүндө бюджеттик каржыны үнөмдөөгө боло турганын маалымдаган.

Бүгүнкү күндө Нур-Султандагы бюджеттик оптимизациянын жалпы суммасы 32 миллиард теңгеден ашты, деп маалымдайт борбордук акимчиликтин расмий сайты. Бул каражат конкреттүү социалдык маселелерди чечүүгө, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнести колдоого жумшалат.

«Экономиканын реалдуу тармагын жана инфраструктурасын колдоо үчүн 14,5 миллиард теңге бөлүндү. Билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык жардамга 3,6 миллиард теңге багытталды. Социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына бааны кармап турууда насыялар боюнча пайыздык чендерди субсидиялоо үчүн 3 миллиарддан ашык теңге каралган», - деп кабарлады Нур-Султан акими Алтай Кульгинов.

Өлкөнүн Маданият жана спорт министрлиги да чыгымдарды бир топ кыскартты. Ага ылайык, имараттарды ижарага алуунун баасын төмөндөтүү максатында алар ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилди. Натыйжада жакынкы 10-15 жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин чыгымдары 23 миллиард теңгеге чейин кыскарат. Башкача айтканда, ал жылына 1,5 миллиард теңгеге чейин кыскарып отурат.

 

Фото: liter.kz