USAID коронавирус пандемиясы менен күрөшүүгө Казакстанга кошумча каражат бөлдү

USAID коронавирус пандемиясы менен күрөшүүгө Казакстанга кошумча каражат бөлдү

USAID Казакстанга коронавирус пандемиясы менен күрөшүү үчүн кошумча 500 миң доллар бөлүп берди. Ошентип, АКШ өкмөтүнүн өлкөдөгү COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө кошкон салымы 3,79 миллион доллардан ашты. Кошумча каржылоо Казакстандагы БУУнун Балдар фондуна вирустун коркунучу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, эпидемиянын алдын алуу жана көзөмөлдү күчөтүү үчүн берилди.

USAID ЮНИСЕФ аркылуу эң аярлуу топторго жана жамааттарга колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары, АКШнын өкмөтү каржылаган Казакстандын Кызыл Жарым Ай Коому менен биргеликте, ЮНИСЕФ аярлуу топтор менен кызматташып, COVID-19дун алдын алуу боюнча алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүп, туура эмес маалыматтын жайылышын алдын алуу үчүн байланыштарды күчөтөт.

Акыркы 20 жылдын ичинде Америка Кошмо Штаттары кургак учук жана ВИЧ сыяктуу оорулардын жайылышына жол бербөөчү кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн өлкөгө 2 миллион доллардан ашуун каражатты, анын ичинде саламаттык сактоого 86 миллион доллардан ашык каражат бөлүп берген.

 

Фото: ca-portal.ru