Бизнеске санариптик технологияларды киргизүү заман талабы

Бизнеске санариптик технологияларды киргизүү заман талабы

Пандемия онлайн сооданын өнүгүшүнө түрткү берди. Өзгөчө кырдаал учурунда интернет-дүкөндөрдүн кирешеси артты. Массалык карантиндик чараларга байланыштуу көптөгөн бизнес өкүлдөрүнүн кызматы онлайн тартипке өттү. Жол жүрүү жана убакыт маселеси чечилип, чыгымдар азайды. Электрондук соода өнөктөштүктүн чөйрөсүн кыйла кеңейтти. Санариптик технология ири кампаларды жана көп күчтү талап кылбайт. Муну түшүнгөн ишкерлердин көпчүлүгү кырдаалдан пайдаланып өз бизнесин санариптөөгө киришти.

«Келечекте онлайн соода жигердүү  өнүгөт. Коронавирус илдети жоюлуп, карантин бүткөнүнө карабастан, электрондук сооданын аянты кеңее берет. Тактап айтканда, Instagram сыяктуу социалдык тармактардагы дүкөндөрдүн жигердүүлүгү кескин көбөйөт. Учурда ал жакта соода-сатык кызуу жүрүп жатат. Муну санариптик экономикадагы бизнестин келечеги деп эсептөө керек. Көптөгөн ишканалар жана каржы институттары акырындык менен онлайн режимге өтүшөт. Бул заман талабы. Себеби, ар бир аймакта кеңсеге кирүү натыйжасыз экенин далилдеди. Насыя алуу үчүн онлайн режим аркылуу кайрыла аласыз. Келечекте бардык соода жана каржы операциялары онлайн режимде жүргүзүлөт», - дейт казакстандык экономист Арман Байганов.

Өзгөчө кырдаал бизнес коомчулугуна онлайн тутумдун толук мүмкүнчүлүгүн көрсөттү. Буга Дүйнөлүк Global Online Expo көргөзмөсү далил. Электрондук платформада 100дөн ашык мамлекеттин миңдеген компаниясы катталган. Ар бир мамлекеттин катышуучуларына виртуалдык павильон берилген.

Көргөзмөгө Казакстандын өзүнөн эле 500дөн ашык өндүрүүчү жана 6000ге жакын кардар аталган көргөзмөнүн катышуучусу аталды. Сунушталган өнүмдөрдүн масштабы менен түрлөрү да кенен. Бардык бизнес өкүлү үчүн каттоо акысыз. Эл аралык соода платформасы дүйнө жүзү боюнча өнөктөштүктү бекер орнотууга мүмкүндүк берет.

Интернеттеги сооданы өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын өндүрүүчүлөр, жеткирүүчүлөр, кардарлар, IT адистери жана керектөөчүлөр тең бөлүшөт. Мындан өлкөнүн санариптик саясаты да пайда көрөт. «Эң негизгиси, өзгөрүп жаткан мезгилге карай, дүйнөлүк атаандаштыктан артта калбоо керек», - деп эсептешет серепчилер.

 

Фото: openbusiness.ru