Мунайдын баасы арзандап жатат

Мунайдын баасы арзандап жатат

Теке айына карата Brent мунай фьючерстери 2%га арзандап, баррели 25,9 долларга чейин төмөндөдү. Буга Нур-Султан убакыты боюнча саат 08.20дагы соода-сатык маалыматтары далил. Тагыраак айтканда, WTI 6,27% арзандады. Ошентип, АКШ мунайынын баасы баррелине 18,48 долларга чейин түшүп кетти. Айта кетсек, ОПЕК+ жаңы келишими бугу айынын 1нен баштап күчүнө кирди. Анын алкагында катышуучулар өндүрүштүн жалпы көлөмүн суткасына 9,7 миллион баррелге кыскартууга милдеттүү болот. Буга чейин кабарлангандай, сатып алуучуулардын азайышы жана кампалардын кыскарышына байланыштуу мунай  танкерлерде сакталган. Алар толгон убакытта өнүм түтүк өткөргүчтөргө куюлат.

 

Фото: thebalance.com