Мажилис Президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүчү документти жактырды

Мажилис Президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүчү документти жактырды

Эми Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаал учурунда мамлекеттин улуттук коопсуздугун камсыздоого багытталган чукул иш-аракетти талап кылган коомдук байланыштарга ыкчам аралаша алат. Мажилисте айрым мыйзамдык актыларга өзгөчө кырдаал маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, түзөтүүлөр киргизилди.  

Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министри Руслан Даленов документ өзгөчө кырдаал учурунда өзүнчө мыйзамдар тармактарынын колдонуу өзгөчөлүктөрү менен толуктала турганын атап өттү.

«Мыйзам долбоорунда 14 тармак каралды: салыктык, бюджеттик, бажы, банктык, эмгек, монополияга каршы жобо: ден соолук, мамлекеттик сатып алуу жана дагы башкалары. Бул тармактарга өзгөчө кырдаал учурунда жөнгө салуу функцияларын киргизүүгө болот. Бул экономикага максималдуу таасир эткен тармактар жана ыкчам чаралар. Анын ичинде салыктык жеңилдиктер, мамлекеттик сатып алууну тездетүү, социалдык камсыздандыруу, валюталык жөнгө салуу жана башка да маселелер керек», - дейт Даленов.

Мыйзам долбоору Президенттин өзгөчө кырдаал кезинде мамлекеттин улуттук, анын ичинде экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана туруктуулугун сактоого багытталган ыкчам иш-аракетти талап кылган коомдук байланыштарга тез арада аралаша ала турганын көрсөтөт, деп белгиледи Руслан Даленов.

 

Фото: sputniknews.kz