Каржылык камсыздандыруу тармагынын жумушу жанданат

Каржылык камсыздандыруу тармагынын жумушу жанданат

Борбордо экинчи даражадагы банктар, микрокаржылык уюмдар, риелтордук жана камсыздандыруу компаниялары, мүлктү баалоо агенттиктери, ошондой эле, турмуштук-техника менен жазгы сезонго арналган товарларды сата турган ири дүкөндөр өз ишин баштайт. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Нур-Султан шаарынын акиминин орун басары Бахтияр Макен маалымдады.

Анын айтымында, кызматын кайра баштаган мекемелер өзгөчө санитардык талаптарды бекем сактоого тийиш. Алар саат 9дан кечки 18.00го чейин кызмат көрсөтөт.  

«Уюмдардын жетекчилери кызматкерлерин жеткирүү боюнча кызматтык транспорт менен камсыздоолору керек. Ар бир нөөмөт алдында жана андан кийин кызматкерлердин ден-соолугун көзөмөлдөгөн медициналык пункттар болушу керек. Кассада жана сатып алуу аянтчаларында адамдардын ортосунда 2 метрден кем эмес аралык болушу зарыл. Ачылган соода жайларында накталай акча жүргүзүү болбойт», - деди Бахтияр Макен.

Бахтияр Макен бугу айынын 1нен баштап Нур-Султан менен Алматы шаарларынын ортосундагы аба каттамы тууралуу да түшүндүрмө берди. Алгач шаарлар арасында күнүнө 4 каттам менен учат. Ал эми жүргүнчүлөр учакка отурар алдында коронавируска тест тапшыруусу керек. Ошондой эле, учак жүргүнчүлөрү атайын аралыкты сактап отургузулат. Аэропорттор сутка бою бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык иш алып барат.  

 

Фото: newtimes.kz