Казакстанда экспорттук акселерация программасы ишке кошулду

Казакстанда экспорттук акселерация программасы ишке кошулду

Казакстандын соода жана интеграция министрлигинин кабарлашынча, бул чет элдик рыноктордо иштегиси келген ата мекендик ишкерлерди колдоонун дагы бир чарасы.

«QAZTRADE экспорттук акселераторунун максаты - экспорттук соода кылгысы келген ишкерлерди колдоо чараларын аккумуляциялоо, башкача айтканда, ал өндүргөн товардын дараметин талдоодон баштап, рынокту тандоо, сатып алуучуну табуу, маркетинг жүргүзүү, экспорт үчүн керектүү документтер топтомун чогултууга чейинки бардык колдоо чаралары болуп саналат. Ошентип, масштабдуу экспорттоочуга толук кандуу колдоо жасалат», — деп кабарлайт мекеме.

Казакстан бул жаатта буга окшогон программаны ийгиликтүү ишке ашырган Канада, Австралия, Орусия, АКШ жана Германия мамлекеттеринин тажрыйбасын изилдеген. Акселератор аркылуу алгач тамак-аш өнөр жайы ишканаларын колдоо каралып жатат. Бизнес үчүн жаңы кызмат түрү - акысыз. Арыздар export.gov.kz порталында кабыл алынат.

 

Фото: tengrinews.kz​