COVID-19: дүйнө экономикасы жандана баштады

COVID-19: дүйнө экономикасы жандана баштады

Европанын ири өлкөлөрүндө унаа өндүрүшү жандана баштады. Ошентип, Renault компаниясы Франциядагы заводун кайрадан ачты. Италиянын Модена шаарындагы Феррари заводу да жумушун жандандырды. Ал эми Венгриядагы Suzuki өндүрүш жайы кийинки аптада ишин баштайт. Бардык ишканалар күчөтүлгөн коопсуздук чараларын сактоодо.

«Мурда жумушчулар эркин, тыгыз карым-катнашта иштеп келген. Биз бир метр аралыкты сактоо үчүн тоскоолдуктарды орноттук», - дейт Франциядагы завод кызматкерлери.

Volkswagen унаа концернинин ишканалары да этап-этабы менен ачылууда. Жумушка кирешээрден мурун кызматкерлер COVID-19  инфекциясына текшерүүдөн өтүшөт.

Италия бийлиги өндүрүштүк кызматты бугу айынын 4нөн баштап ишке кошууну мерчемдеп жатат. Бийлик экономика тармагында адамдардын физикалык күчү аз керектелген, ошондой эле, экспортко багытталган өндүрүш очокторун ачуу керектигин билдирүүдө. Алар курулуш, дүң соода, мода индустриясы, эмерек өндүрүү.

Аны менен катар, Европа Биримдиги экономиканы колдоо боюнча чукул чаралар программасын бекитти. Бул максатка 540 миллиард евро бөлүндү. Анын 100 миллиарды жумуш берүүчүлөргө максаттуу компенсация төлөөгө жумшалат. Ошентип, ишкерлердин жумуш орду сакталып калат. Өз кезегинде, Европанын инвестициялык банкы чакан жана орто бизнести колдоо үчүн 200 миллиард еврого жеңилдетилген насыя программаларын даярдайт.

Аны менен катар, Европалык Комиссия менен Европалык инвестициялык фонд жаңы программаны колго алууда. Бул тез өнүгүп келе жаткан компанияларга жигердүү инвестиция салууга мүмкүндүк берет. Бардыгы 300 миллион евро бөлүндү, бул 1,2 миллиард көлөмүндө инвестицияны тартууга шарт түзөт.

Ал эми Америка Кошмо Штаттары келерки айдын ортосунан баштап өнөр жай менен курулуш тармактарын акырындан ишке кошууну көздөп жатат. АКШда бугу айынын 15нен баштап өндүрүш аянтчалары толугу менен ишке кирет.

Айта кетсек, дүйнө боюнча COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 3 миллиондон ашты. Курман болгондордун саны 208 миңге жетти.

 

Фото: sb.by