Серепчилер: «Мамлекеттик бюджет 1 триллион теңге жоготушу мүмкүн»

Серепчилер: «Мамлекеттик бюджет 1 триллион теңге жоготушу мүмкүн»

Мунай баасынын туруксуз болуусу жана суроо-талаптын төмөндөшүнөн Казакстандын киреше булагы азаят. Ошентип, өлкөнүн мамлекеттик бюджетине  «кара алтынды» сатуудан түшө турган каражат бир триллион теңгеден аз болушу мүмкүн. Мындай маалыматты өлкөнүн мунай-кызмат компаниялары биримдиги билдирди.

Эске сала кетсек, ОПЕК+ келишими боюнча кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык, республика өндүрүштү бир жарым миллион тоннага кыскартуусу керек. Бул мунай кен жайларындагы кызматтардын 40% төмөндөөсүнө алып келет. Ошентип, кабыл алынган чара мунай кызматына олуттуу таасир этиши мүмкүн. Бул өз кезегинде жумуш орундарынын кыскарышына алып келет. «Деңизшевройл» ири мунай ишканаларынын биринде акырындык менен иштин темпин төмөндөтүп, кен жайларындагы ишкерлер санын кыскартууга ниеттенүүдө.

 

Фото: 24KZ