Казакстандын мунай рыногундагы каатчылыктан аз чыгаша менен чыгууга дарамети жетет

Казакстандын мунай рыногундагы каатчылыктан аз чыгаша менен чыгууга дарамети жетет

Мунай баасынын төмөндөшү Казакстан экономикасына башка өндүрүүчү өлкөлөргө караганда олуттуу таасир этпейт. FinReview.infoнун кабарлашынча, 2020-жылдын башынан бери дүйнөдө кара алтынга болгон суроо-талап суткасына 20 миллион баррелге, ал эми анын наркы 70%га төмөндөдү.

Ага карабастан, биринчи чейректе Казакстан мунай өндүрүүнү 2,4%га, ал эми жеткирүүнү 5%га көбөйттү. Алгачкы үч айда былтыркы жыл менен салыштырганда өндүрүш 2,4%га өскөн. Бул аралыкта жалпы наркы 2,6 триллион теңгени түзгөн 23,6 миллион тонна мунай өндүрүлдү. Ошондой эле, ташуу 5%га артты. Каспий куур өткөргүч Консорциуму аркылуу 16,9 млн тонна мунай экспорттолду.

Бирок, бугу айынын 1де мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн келишими күчүнө кирет. Анын алкагында Казакстан өндүрүштү суткасына 390 миң баррелге кыскартууга милдеттенет. Кара алтындын баасы баррелине болжол менен 20 доллар деңгээлинде узак убакыт сакталса да, өлкөдөгү 30 миллиард долларды түзгөн эл аралык резервдердин аркасында Казакстанда улуттук экономиканы 15 жыл бою кармап тура алат. Башкача айтканда, учурдагы каатчылыктан келип чыккан чыгашаларды азайтууга өлкөнүн дарамети жетишээрлик. Бүгүнкү күндө өлкөнүн жер казынасында жалпы көлөмү болжол менен 30 миллиард баррелди же дүйнөлүк кордун 1,7% түзгөн мунай бар. Бул көрсөткүч боюнча Казакстан Жакынкы Чыгыш, Латын Америкасы, ошондой эле, Орусия менен АКШдан кийинки дүйнөдө 12-орунда турат. Акыркы эки жылдын ичинде мунай өндүрүшү казынага 1 триллион теңгеден ашык киреше алып келген. Бирок үстүбүздөгү баалар боюнча бул кирешелер 3 эсеге азайышы мүмкүн.

 

Фото: atameken.kz​