Дүйнөлүк мунай баасы рекорддук көрсөткүчкө төмөндөдү

Дүйнөлүк мунай баасы рекорддук көрсөткүчкө төмөндөдү

Чын куран айынын 20дагы соода-сатык жыйынтыгы боюнча WTI маркалуу мунайдын баасы рекорддук көрсөткүчкө төмөндөдү. Техас маркалуу кара алтындын наркы рекорддук деңгээлге түшүп, баррелине 37,63 долларга жетти. Бирок бир нече сааттан кийин анын баасы 160 пайызга кымбаттап, баррелине 2,21 долларды түздү.  Аны менен катар, Urals маркалуу орусиялык мунай баасы да арзандады. Дүйшөмбү күнкү соодада ал баррелине 2 долларга сатылды. «Brent» маркалуу мунайдын баасы өйдө-ылдый болууда. Серепчилер мунай баасы дагы да алсырайт, ал эми доллар кымбаттайт, ошентип мунай өндүрүшү өлкөлөрдүн улуттук валюталарын кысымга учуратат деген пикирлерин айтып жатышат. Бирок, коронавирустук пандемиядан кийин өнөр жай өндүрүшү кайра жанданса абал турукташышы мүмкүн.

ВИКТОР МУХОМОДЬЯРОВ, КАРЖЫ СЕРЕПЧИСИ:

- Чындыгында баалар боюнча келишимдер чын куран айынын 21де кескин төмөндөдү. Кулжа айында жеткирүү келишим шарттары баррелине 20 доллардан ашат. Менин оюмча, экинчи жарым жылдыкта мунайды сактоо кампаларынын маселеси чечилиши керек. Мунайга деген суроо-талап артып, дүйнөдөгү кор азаят деп күтүлүүдө. Буга бүткүл дүйнө жүзү боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү түрткү берет. Ошондой эле, дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясынын жогорку чеги үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында азаят деп болжолдонууда. Ошондуктан 2021-жылы Brent маркалуу мунайдын баррели 40 доллардан ашат.

 

Фото: kirov.kp.ru​