Казакстандын эки ири шаарында бир катар ишканалардын жумушу жанданды

Казакстандын эки ири шаарында бир катар ишканалардын жумушу жанданды

Нур-Султан жана Алматы шаарларында бир катар ишкердик субъекттеринин кызмат түрлөрү кайрадан жанданды. Өлкөнүн эки шаарында өнөр жай ишканалары, курулуш жана жол куруу, транспорт, кампа, айыл чарбачылыгы тармактарындагы ири кызматтык компаниялар,  унаа оңдоочу жайлар, дөңгөлөк алмаштыруучу жана унаа жуучу жайлар, ТКС, унаа тетиктер дүкөндөрү, химиялык тазалоо, кеңсе техникаларын оңдоо, экинчи даражадагы банктар, нотариустар өз ишин баштады.  

«Чын куран айынын 20нан иштеп баштаган ишканалардын кызматын уруксат берилген ишканалар менен уюмдардын кызматкерлери гана пайдалана алат. Башкача айтканда, карантин учурунда жүрүүгө уруксаты бар жарандар үчүн гана кызмат көрсөтүлөт», - деп айтылат борбордук инвестиция жана ишкерликти өнүктүрүү башкармасынын кабарлоосунда.  

Бул жолу башкы талап жумушуна киришкен ишканалар карантин шартында каралган санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бекем сактоого тийиш. Мисалы, ири ишканага кирип чыгуу үчүн атайын уруксат кагаз талап кылынат. Ошондой эле, ар бир кызматкердин дене табы текшерилип, атайын зыянсыздандыргыч комплексинен өтүшү керек. Жумуш ордунда тамактанууга катуу тыюу салынат. Ал үчүн атайын жайлар каралган.

Коомдук транспорттун каттамы токтотулгандыктан, ишкана жетекчиси кызматкерлерин жеткирүү жагын өз мойнуна алат. Бул эң алды менен кооптуу илдеттин өлкө аймагында таралуусун алдын алат.

Кызматкерлер да сактык чараларына абдан жоопкерчилик менен кароого аракет кылышууда. Борбордогу курулуш дүкөндөрүнүн бири карантин алкагындагы тыныгуудан кийинки алгачкы иш күнүнүн кандай өтүп жатканы менен ой бөлүштү. Соода жайынын менеджери өзгөчө кырдаалда коргоо чаралары так сакталып жатканын айтат. Медициналык беткап жана колкапсыз имаратка кирүү мүмкүн эмес, дейт ал. 

«Кеңеш берген сатуучу менен сатып алуучулардын ортосундагы аралык кеминде 2 метр болушу керек. Күнүнө дүкөндө бери дегенде үч жолу дезинфекциялык чаралар жүргүзүлөт. Имараттын ичиндеги кассалар, эшиктин туткалары сыяктуу көп кармала турган жерлердин баары сүртүлүп, тазаланып жатат», - дейт курулуш материалдары дүкөнүнүн менеджери Саят Шораев.

Ал эми коомдук тамактануу жайларында өзү менен алып кетүү жана саат 22:00го чейин жеткирүү кызматы ишке ашырылат. Эске сала кетсек, Казакстанда өзгөчө кырдаал режими 2020-жылдын бугу айынын 1не чейин узартылган.

Фото: liter.kz​