Өзгөчө кырдаалга байланыштуу ишкерлерге кандай салыктык жеңилдиктер берилет?

Өзгөчө кырдаалга байланыштуу ишкерлерге кандай салыктык жеңилдиктер берилет?

Ишкерлер эмгек акы салыгы менен социалдык которуулардан бошотулат. Бул тууралуу брифинг жүрүшүндө «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасынын башкарма төрагасынын орун басары Ербол Үстемиров маалымдады. Анын айтымында, учурда өкмөт буга байланыштуу жаңы токтом иштеп чыгууда.  

ЕРБОЛ ҮСТЕМИРОВ, КРНЫН «АТАМЕКЕН» УИП БАШКАРМА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Анын ичинде төлөм булагынан төлөнгөн жеке киреше салыгы, социалдык салык, милдеттүү пенсия, милдеттүү медициналык камсыздандырууга которулган салымдар. Жалпысынан, токтомдун эки тиркемеси бар. Биринчи тиркеме экономикалык кызмат  классификаторунан 29 багыт алынган чакан жана орто бизнеске тиешелүү 10 багыт алынган. Жаңы токтом бир-эки күндө чыгат деп күтүп жатабыз.

Өлкөдө киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу буга чейин бир катар ишкерлик ээлери мүлк салыгынан жана айыл чарбачылык товар өндүрүүчүлөрү жер салыгынан жыл аягына чейин бошотулат. Жалпысынан, ушуга чейин бизнес өкүлдөрүнөн 32 миңден ашык арыз келип түшкөн. Алардын 28% салыктык шыктандырууга катыштуу. 59% ижара алуу боюнча маселе көтөрсө, 22% эмгек акы, ал эми 5% коммуналдык чыгымдардын ордун толтуруу боюнча кыйынчылыктарга туш болгондуктарын айткан.

 

Фото: youtube.com