Мамлекеттик комиссия Нур-Султан менен Алматыда чын курандын 20нан тартып иштей турган ишканалардын тизмесин бекитти

Мамлекеттик комиссия Нур-Султан менен Алматыда чын курандын 20нан тартып иштей турган ишканалардын тизмесин бекитти

КРнын Премьер-Министри Аскар Мамин башкарган мамлекеттик комиссия Нур-Султан менен Алматыда чын курандын 20нан баштап иштей турган кызмат түрлөрүнүн тизмесин бекитти деп кабарлады  primeminister.kz сайты.

Ошентип, чын курандын 20нан баштап катуу санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоо менен Нур-Султан шаарында өнөр жай ишканалары, курулуш жана жол курулуш компанияларанын тармактары, ири курулуш дүкөндөрү, транспорт, кампалык компаниялар, айыл чарбачылык максатында сервистик компаниялар, унаа жайлар, ТКС, унаа жуу, дөңгөлөк алмаштыруу сервиси, унаа тетиктер дүкөндөрү, химиялык тазалоо, кеңсе техникасын оңдоо иштери жандандырылат, нотариустар алдын ала жазылу  менен иш алып барат. Ал эми экинчи даражадагы банктар саат 9:00-дөн 16:00-гө чейин штат санынын 50 пайызын чектөө менен иштейт. Коомдук тамактануу жайларынын иши жалаң өзү менен алып кетүү жана жеткирүү кызматы аркылуу саат 22:00гө чейин узартылат.

Алматы шаарында: өнөр жайлар, курулуш жана жол-курулуш тармактарынын компаниялары, курулуш материалдарынын ири дүң базарлары, натариустар алдын ала жазылу  боюнча, бир гана бизнеске кызмат көрсөтүү үчүн ЭККБнун бир бөлүмү иштейт. (Наурызбай району, Шугыла кичи району, 347/1).

Нур-Султан жана Алматы шаарларындагы чукул штабдар ишканалар менен ишкерлик субьектилеринин конкреттүү тизмесин, алардын кызматкерлеринин конкреттүү санын, жумуш убакытынын жана жеткирүү методун аныктайт. Өкмөт башчысы Нур-Султан жана Алматы шаарларынын акимдерине тийиштүү чараларды кабыл алып, жумушу кайра жанданган обьектилерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун сакталашына катуу көзөмөл жүрүгүүзүнү камсыздоону тапшырды.

 

Фото: svidok.info