ЭВФ: Пандемия дүйнө экономикасына олуттуу сокку урат

ЭВФ: Пандемия дүйнө экономикасына олуттуу сокку урат

Эл аралык валюта фонду дүйнө мамлекеттери, анын ичинде Казакстан экономикасына карата болжолун жарыялады. Бирок ал көңүл жубатарлыктай эмес. Фонд серепчилеринин эсеби боюнча быйыл дүйнө экономикасын 1930-жылдары болгон улуу каатчылык менен кошо кыйынчылыктар күтүп турат. Пандемия мене инфекциянын таралышын ооздуктоо максатында киргизилген чектөө чараларынын кесепетинен 2020-жылы дүйнө экономикасы 3% кыскарат деп болжолдонууда. Коронавирустан бир кыйла жапа чеккен эски континенттердин экономикасына да олуттуу таасир этиши күтүлүүдө. Серепчилер, Евро аймак экономикасы жети жарым пайызга кыскарат деген пикирде.

ГИТА ГОПИНАТ. ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА ФОНДУНУН БАШКЫ ЭКОНОМИСТИ:

- Дүйнө масштабдуу обочолонуу режимине өттү. Мындай каатчылык буга чейин болуп көргөн эмес.

Эл аралык валюта фонду мунай өндүргөн мамлекеттер, анын ичинде мунай баасынын төмөндөшү менен карантин чараларынын кесепетинен кыйын шартта калган Казакстан экономикасын да оор мезгил күтүп турганын маалымдады. Фонд болжолуна ылайык, Казакстан экономикасы 2,5% кыскарып, 2020-жылы керектөө баасы 1,7%га, бюджет тартыштыгы 3%га өсөт. Ошондой эле, Эл аралык валюта фонду мунай баасына байланыштуу болжолун да билдирди. Бирдин айынын ортосунан жалган куран айынын ортосуна чейин кескин төмөндөгөн мунай баасы жакынкы убакытта көтөрүлбөйт дейт серепчилер.  

 

Фото: qazaqtimes.com