ОПЕК + өлкөлөрү мунай өндүрүшүн кыскартуу тууралуу келишимге кол койду

ОПЕК + өлкөлөрү мунай өндүрүшүн кыскартуу тууралуу келишимге кол койду

Тарыхый келишим. ОПЕК+ өлкөлөрү G20 мүчөлөрү менен бирге мунай өндүрүүнү бугу айынын 1нен баштап эки айга сүткасына 9,7 миллион баррельге кыскартуу тууралуу келишимге кол койду. Эки жылга мерчемделген келишимди өз кезегинде Казакстан да колдоду.

«Видео конференция жүрүшүндө Казакстандын энергетика министри Нурлан Ногоев Казакстан мурункудай иштиктүү диалогту уланта турганын жана дүйнөлүк рынокто түзүлгөн оор абалды эске алып, өз тарабынан мунай өндүрүүнү принципиалдуу кыскартуу боюнча катышууга даяр экенин маалымдады», - деп кабарлайт министрликтин басма сөз кызматы. 

Айта кетсек, ОПЕК+ өлкөлөрү министрлеринин видео байланыш сүйлөшүүлөрү 11 саатка созулду. Андан кийин  G20 өлкөлөрү министрлеринин дагы бир онлайн жолугушуусу өттү. Аталган онлайн жыйынга Казакстан да катышты. Тарыхый мамиленин башкы демилгечиси Сауд Арабия Королдугу. Бул өлкөнүн өкүлдөрү узак убакыт бою мексикалык кесиптештерин көндүрүүгө болгон күчүн жумшады. Бирок Мексика өзүнүн позициясынан кайткан жок. Алар өндүрүштү суткасына 400 миң баррельге азайтуу сунушун кабыл албай, мунай өндүрүшүн күнүнө 100 миң баррельге гана кыскарта турганын билдирген. Мексиканын салымын АКШ, Канада жана Бразилия биргелешип өз мойнуна алышты. Бирок Мексиканын кесепетинен ОПЕК+ мамилесинин жалпы көлөмү жапа чекти. Тагыраак айтканда, 10 миллион баррельдин ордуна, келишимдин бул бөлүгү болгону 9,7 миллион баррельге гана төмөндөй турган болду.

Орусиянын президенти Влаидимир Путин, АКШ президенти Дональд Трамп жана Сауд Арабиясынын Королу Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд мамилеге колдоосун билдирди. Ошентип, дүйнөнүн үч алдыңкы мунай өндүрүшү мамлекеттеринин башчылары убадалашууну жүзөгө ашыруу маселеси боюнча байланышын улантат.

 

Фото: ryb.ru