АӨБ: «Борбордук Азия өлкөлөрү экономикасынын өнүгүү көрсөткүчү төмөндөйт»

АӨБ: «Борбордук Азия өлкөлөрү экономикасынын өнүгүү көрсөткүчү төмөндөйт»

Азия өнүктүрүү банкы Борбордук Азия мамлекеттеринин алдыдагы эки жылда өнүгүү дараметине байланыштуу болжолун жарыялады. Эл аралык институттун серепчилери аймактагы бардык 5 өлкөгө коронавирус илдетинин кесепеттеринен экономикага тийе турган таасирин баалады.

Баяндамада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өнүгүүсү кескин төмөндөй турганы айтылган. Глобалдык деңгээлде өрчүгөн инфекциянын кесепетинен чөлкөмдө инфляция деңгээли тез өсүп, азык-түлүктүн наркы кымбаттоосу байкалат. Адистердин болжолунда жалпы аймакта инфляциянын өсүшү 3,2%ды түзөт. Эгерде жылдын экинчи жарымында азык-түлүк баасы арзандай турган болсо, 2021-жылы акчанын куну түшпөйт  дешет серепчилер.

Учурда COVID-19 пандемиясы канча убакытка чейин созула турганы белгисиз. Бирок бүгүнкү күндө чийки заттын наркы кескин түшүп, өндүрүш жайлары жабылды. Туристтик тармак токтоп калды. Мунун кесепеттеринен аталган тармактарга Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына олуттуу таасир этери анык дешет адистер.

Казакстан. Азия өнүктүрүү банкынын Казакстанга байланыштуу болжолуна ылайык, өлкөдө коронавирус илдетинин кесепетинен экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөшү ыктымал. Бул ошондой эле, мунай баасынын арзандоосуна да түздөн-түз байланыштуу. Бирок 2021-жылы анын деңгээли кайра калыбына келет деп күтүлүүдө. Серепчилер кооптуу илдетке чейин мамлекеттин туруктуу өнүгүшүн өзгөчө атап өттү. Мисалы 2018-жылы экономикалык өсүш 4,1% түзсө, былтыр бул көрсөткүч 4,5%га жеткен. Буга жергиликтүү жана чет элдик инвестициянын таасири жакшы болду дешет адистер.

Кыргызстан. Азия өнүктүрүү банкы серепчилеринин пикиринде, коңшу Кыргызстанда, тескерисинче экономикалык өсүү уланууда. 2020-жылы ал 4%ды түзөт. Деген менен Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн чийки зат, курал-жабдык жана азык-түлүк жеткирүүлөрүнүн убактылуу токтотулуусу импортко   жараша өндүрүш, курулуш жана башка тармактарга зыян келтирүүдө. Эгерде эпидемияга байланыштуу абал начарлай берсе же чек аралардын жабылуусу уланса, өсүү көрсөткүчү абдан ылдыйлашы мүмкүн.

Тажикстан. COVID-19дун таралуу кесепетинен жапа чеге турган дагы бир өлкө Тажикстан дешет серепчилер. АӨБ адистеринин болжомунда, бул республиканын экономикалык өнүгүү интенсивдүүлүгүн 2020-жылы 5,5%га жана 2021-жылы 5% га чейин төмөндөтөт. Бул бир гана дүйнөнү каптаган коронавирус илдетине байланыштуу эле эмес. Өлкөдө экономикалык өнүгүүнү алсыратууга дагы бир себеп - Тажикстандын тартымдуулугунун аздыгынан жеке инвестициялар менен акча которуулардын  жетишсиздиги. Чындыгында көптөгөн тажик жумушчуларынын Орусияда иш табуу мүмкүнчүлүгү азайды.

Түркмөнстан. Быйыл экономиканын өнүгүүсү Түркмөнстанда да 6%га чейин ылдыйлайт. Ал эми 2021-жылы алсыроо 5,8%ды түзүшү мүмкүн. Өнөр жай 6-7% аралыгында гана өнүгөт деп күтүлүүдө. Деген менен импортту алмаштырган бардык тармактарда, айыл чарбачылык, жеңил өнөр жай жана тамак-аш өнүмдөрү курулуш материалдары менен химиялык заттарды кайра иштетүү өсүшү байкалат. Мамлекеттик колдоонун аркасында агро өнөр жай комплекси өнүкмөкчү.  

Өзбекстан. 2020-жылы өзбек экономикасынын өнүгүүсү 4,7% чейин болушу мүмкүн дешет серепчилер. Ага COVID-19дун олуттуу таасирлери жана табигый газ менен жезге суроо-талаптын азаюусу, ошондой эле, баанын төмөндөөсү себеп болот.

 

Фото:abc.az