ОПЕК+ сүйлөшүүлөрү кийинкиге калтырылды

ОПЕК+ сүйлөшүүлөрү кийинкиге калтырылды

11 сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийин ОПЕК+ өлкөлөрү чектөөлөрдү киргизүүгө каршы болгон Мексиканын талабын эске алып, мунай өндүрүшүн кыскарту тууралуу талкуулоону кийинкиге калтыруу тууралуу чечим кабыл алынды. Бүгүн башка да катышуучуларды бул келишимге макул болууга чакырып жатат.

Видео конференция форматында өткөн жыйын алгач абдан натыйжалуу башталган эле. ОПЕК+ өкүлдөрү бугу айынын 1нен кулжанын аягына чейин кара алтын өндүрүшүн суткасына 10 миллион баррельне азайтуу тууралуу алдын ала келишимге келди. Ал эми теке айынан баштап 8 баррельге чейин, кийинки жылдын үчтүн айынан чын куран айына чейин күнүнө 6 миллион баррельге азайтабыз деген чечимге келген.

«Дүйнөдө мунайдын коммерциялык корунун артуусу жана кампаларды толтуруу мүмкүнчүлүгү тынчсызданууну пайда кылат. Мунун баары мунай тармагы менен жалпы дүйнөлүк экономика үчүн оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн», - деп атап өттү Орусиянын энергетика министри Александр Новак.

Казакстан өз кезегинде алдыдагы убакытта консенсуска жетишерине ишеним билдирди.

«Казакстан келечекте мунай өндүрүшүн принципиалдык түрдө кыскартуу тууралуу консенсуска жетишет. Бул өз кезегинде мунай тармагына оң таасир тийгизет деген үмүтүн жоготпойт», деп кабарлады энергетика министрлиги.

Сүйлөшүүлөргө Казакстандын атынан мекеме башчысы Нурлан Ногаев катышты. Министр Казакстан ОПЕК+ келишиминин катышуучусу болуп туруп, ар дайым өз милдеттенмелерин аткаргандыгын белгилеп өттү.

«Биз өз кезегибизде бүгүнкү күн тартибинин актуалдуулугун түшүнөбүз жана мунай өндүрүүнү жалпы кыскартууга даярбыз»,- деди ал.

Эске сала кетсек жалган курандын 6да ОПЕК+ мүчөлөрү чийки зат өндүрүшүн мындан ары чектөө тууралуу бир пикирге келише алган эмес. Бул мунай баасынын кескин төмөндөшүнө алып келген.

 

Фото: yakutia24.ru​