ДСУ дүйнөлүк сооданы калыбына келтирүү мөөнөтүн атады

ДСУ дүйнөлүк сооданы калыбына келтирүү мөөнөтүн атады

Дүйнөлүк сооданы каатчылыкка чейинки деңгээлге кайра калыбына келтирүү 2021-жылы мүмкүн болот. Бул тууралуу Женевада өткөн басма сөз конференциясында Дүйнөлүк соода уюмунун башкы мүдүрү Роберто Азеведо маалымдады. Анын айтымында, бул бир нече факторго байланыштуу болот. Айрыкча, дүйнөнү каптаган пандемиянын узактыгы менен өлкөлөр колдонгон чаралардын натыйжалуулугуна түздөн-түз байланыштуу.

«Биздин экономисттердин пикиринде, эгер пандемия дароо көзөмөлгө алынып, жакшы аракет көрүлсө, соода менен рыноктогу бардык нерсе 2021-жылы өз калыбына келет. Баштапкы алсыздоонун күчтүүлүгүнө карабастан ушундай болоруна ишенебиз»,- деп атап өттү Дүйнөлүк соода уюмунун башкы мүдүрү Роберто Азеведо.

 

Фото: ria.ru