Улуттук фонд менен алтын-валюта фондунда 90 миллиард доллардан ашык каражат бар

Улуттук фонд менен алтын-валюта фондунда 90 миллиард доллардан ашык каражат бар

Эл Башынын "Бириге билген өлкө баарын жеңет" аттуу жаңы макаласы каатчылык учурда элди биримдикке чакырган үндөө болуп саналат. Мында казакстандык серепчилердин жалпы пикири жатат. Нурсултан Назарбаев макаласында өлкөнүн далай кыйынчылыкты биргеликте жеңип, зор жетишкендикке жеткенин белгилеп өттү. Бул каатчылыкты да жеңип чыгабыз деген Эл Башы калк менен бирге экенин жеткирди дешет адистер.

САНАТ КӨШКИНБАЕВ, САЯСАТ  ТААНУУЧУ:

 - Эң алды менен Эл Башы макаласынан байкаганым, оптимистик көз караш бар. Кандай учур болбосун каатчылык деген үрөй, кооптонуу жана кыйынчылык пайда кылат. Бирок аны менен катар зор мүмкүнчүлүктөр менен жаңы багыттарга жол ачат. Бул жолку каатчылыктын да түбү бир чечим болот. Жеңип чыгабыз.

ЖАСУЛАНБЕК МАЙЛЫБАЙ, КАЗАКСТАН СТРАТЕГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР ИНСТИТУТУНУН ЖЕТЕКЧИ СЕРЕПЧИСИ:

- Эл Башы Казакстандын 30 жыл ичинде калыптанып, өзүнүн бир масштабдуу мамлекетке айланганын айтты. Ошол дараметтин бул каатчылыкты жеңүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экенин жеткирди. Бул калыптанган каатчылыктын кыйынчылыктары менен катар, мүмкүнчүлүктөрү да бар экенин айтты. Башкача айтканда мындан кийин аталган абалды талдоо, башкача ой-жүгүртүү, алдыдагы багыт-программаларга жаңыча кароо зарылдыгы пайда болгонун көрсөттү.

Ошондой эле, Эл Башы илдеттин алдын алуу иштеринин өз убагында башталганын айтып, өлкө келечеги үчүн чогулган Улуттук фонд менен алтын-валюта фондунда 90 миллиард доллар бар экенин атап өттү. Алдыда бир топ иштер күтүп турат. Ошондуктан каатчылыктан чыгуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоо керектигин  кошумчалады.  

«Эми өкмөт менен жергиликтүү аткаруучу органдар аны сарамжалдуу түрдө, орду менен пайдаланууга  киришиши керек. Ар бир министр, ар бир облус, шаар жана район башчылары система,  тартип менен конкреттүү план жана  ишенимдүү сезим аркылуу  аракеттенип убактылуу кыйынчылыктан чыгууга бардык күч-кубатты жумшоосу керек. Nur Otan партиясынын мүчөлөрү да бул сооптуу иштин алдынкы катарынан чыгууга тийиш», деди Эл Башы.

 

Фото: 24.kz