Мунайга болгон баа ОПЕК + өлкөлөрүнүн алдыдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин өсө баштады

Мунайга болгон баа ОПЕК + өлкөлөрүнүн алдыдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин өсө баштады

Чийки зат экспорттой турган өлкөлөрдүн алдыдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин мунай баалары өсө баштады. Муну менен Лондондогу ICE биржасында сооданын натыйжалары боюнча Brent маркалуу мунайдын баасы 3%га өсүп, баррелине 34,12 долларга жетти.  WTI маркалуу мунайдын баасы баррелине 27,15 долларды түздү.

Эскерте кетсек, ОПЕК+ кеңешмеси чын курандын 9да видео байланыш түрүндө өтөт. Мурда министрлердин сүйлөшүүлөрү чын курандын 6да өтүшү керек болчу.  Бирок анын жылышына башка мамлекеттер ортосунда пикир-келишпестик себеп болгон. Анда өлкөлөр чийки заттарды өндүрүүнү кыскартуу жана квоталарды бөлүштүрүү боюнча консенсуска келе алышкан эмес. Буга кошумча коронавирустук инфекциянын дүйнөдө таралышы жөнүндө кабарлар рынокко да терс таасирин көрсөтүп жатат.

 

Фото: liter.kz