Коргонуу ишканалары медициналык максаттагы өнүмдөрдү чыгарууга тартылат

Коргонуу ишканалары медициналык максаттагы өнүмдөрдү чыгарууга тартылат

Казакстандык коргоонуу тармактарынын ишканалары коронавирустук инфекциянын таралышын токтотууда бир катар аракеттерди көрүшүүдө. "Конверсия алкагында коргоонуу ишканалары ыкчам тартип менен жалпы жана медициналык максаттагы жарандык өнүмдөрдү чыгарууга өттү», деп кабарлайт КРнын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Мисалы, түнгө арналган аскердик аппараттарды чыгара турган «Казакстан Аселсан инжиниринг» АК Казакстан-Түркия биргелешкен ишканасы адамдын дене табын өлчөөгө арналган дистанциялык электрооптикалык түзмөктөр өндүрүшүн иштеп чыгууда.  Ал эми аскерий кемелер менен кайыктарды өндүрө турган Батыш Казакстандык «Гидроаспап» жана «Зенит» ишканалары түрдүү аймактарга өтүү кезинде дезактивацияны камсыздоо үчүн инженердик курчоолор менен атайын тонельдер өндүрүшүн уюштурууга киришти.

Көкшетаудагы «Тыныс» заводу медициналык беткаптар менен кошо тез жардам унааларына орнотуу үчүн өпкөнү жасалма дем алдыруунун мобилдүү аппараттарын чыгарууну баштады. Жакынкы эки ай ичинде өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттары Казакстандын бардык аймактарындагы тез жардам кызматтарынын керектүүлүгүн камсыздайт. Буга байланыштуу завод күнү-түнү иштеген үч нөөмөттү  ишке өттү.

Түндүк Казакстандагы "Петропавл оор унаа куруу заводу» АК, «С.М. Киров атындагы заводу» АК жана «Мунаймаш» АК ишканалары облусту авто транспортко арналган дезинфекциялык  тоскоолдуктар менен камсыз кылды.

Алматы шаарында жайгашкан учкучкуз курал менен практикалык ок-дарылар чыгара турган Алмат-ДК жана Калкан-7 заводдору атайын дезинфекциялоо каражаттары менен коргонуу кийимдерин өндүрүүнү уюштурду. Мындан сырткары коргонуу өнөр жайы заводдору, анын ичинде  № 405 Алматы авиа оңдоо заводу Куралдуу күчтөргө өзгөчө кырдаал режими алкагында иш-чараларды уюштурууга катышкан аскер кызматчыларды дезактивациялык каражаттар менен камсыз кылуу үчүн каржылык көмөк көрсөттү.

Мындан тышкары, "коргонуу тармагынын ишканалары бекитилген графикке ылайык, күч түзүмдөрү кызыкчылыгында 2020-жылкы мамлекеттик коргонуу тапшырманы аткарууну улантууда. Аскерий максаттагы бардык өнүм убактылуу жана сапаттуу өндүрүлөт», - деп айтылат расмий маалыматта.

 

Фото: ehonews.kz