Өзгөчө кырдаал менен каатчылыкка каршы кошумча 5,9 триллион теңге багытталат

Өзгөчө кырдаал менен каатчылыкка каршы кошумча 5,9 триллион теңге багытталат

Каатчылыкка каршы чаралардын жалпы салыктык преференциялар менен жергиликтүү деңгээлдеги колдоону кошпогондо 5,9 триллион теңгени түзөт. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Берик Шолпанкулов маалымдады.

Анын айтымында, бөлүнгөн каржынын 2,5 триллион теңгеси бюджеттик эмес булактардан, ал эми 3,5 триллион теңгеси өлкө казынасынан каралып жатат. Карыжылык колдоо үч багытка жумшалат: 1,2 триллион теңге өлкөдө экономикалык туруктуулукту жана өзгөчө кырдаал режимин камсыз кылууга жумшалат. Ал эми 300 миллиард теңге  «Жол картасы» программасынын алкагында инфраструктуралык долбоолорду жүзөгө ашырууга багытталат.

«Иш менен камсыздоонун жол картасын жүзөгө ашыруу үчүн кошумча 84,5 миллиард теңге бөлүү пландалган. Ишкерлерге карыздарды субсидиялоо жана кепилдендирүү аркылуу ишкердикти колдоо чараларын күчөтүү каралган. Бул болжол менен 16 миң жумуш ордун түзүүгө жана 250 миллиард теңгеден ашык салык түшүрүүгө жетишүүгө мүмкүндүк берет», - дейт Берик Шолпанкулов.

Ошондой эле, жарандардын азык-түлүк жана турмуштук керектөөлөрүн камсыз кылууга 30,8 миллиард теңге каралгаг. Бул иш чара 2 миллиондон ашык адамды камтыйт.

 

Фото: tengrinews.kz


×