Мунай рыногундагы жаңы каатчылык

Мунай рыногундагы жаңы каатчылык

Дүйнөдө мунайга болгон суроо-талаптын кескин төмөндөөсү жаңы каатчылыкка алып келиши мүмкүн. Жакында рынокто пайда болгон татаал маселе мунай кампаларынын жетишсиздиги болот деп жазды Bloomberg.

Агенттик серепчилеринин пикиринде, кара алтынга болгон суроо-талаптын бүгүнкүдөй алсызданышы улуу депрессия, 1970-жылдагы мунай каатчылыгы жана 2008-жылкы рецессия учурунда да болгон эмес.

Адатта дүйнө өлкөлөрү күнүнө 100 миллион баррель мунай керектейт. Бирок 2020-жылы бул көрсөткүч бир нече аптанын ичинде эле 25% төмөндөгөн. Бул жараян улана берсе, чийки зат сактаган кампалар тартыштыгы пайда болот дешет серепчилер.

Бул шартта көп көлөмдө мунай сактоого арналган инфраструктура обьектилеринин бир нече өлкөдө гана болушу абалды кыйындатат. Мисалы, андай алп кампалар Роттердам жана Сингапурда гана бар деп жазды Bloomberg.

Мунай өндүрүүчүлөр учурда сатылбаган чийки затты мунай танкерлеринде сактап, убактылуу чечим кабыл алып жатат. Бирок дүйнөдөгү танкерлер бардыгына бирдей жете бербейт.

Агенттиктин кабарлашынча, учурда кара алтын рыногунда баа баррелине 10 доллардан да төмөн түшүп кеткен. Ал эми кээ бир трейдерлер керектөөчүлөрү сатып алган чийки затты алууну сунуштап, ал үчүн үстөм акы да төлөй турган болгон.

 

Фото: comandir.com