Эл аралык серепчилер мунай каатчылыгына байланыштуу Казакстан экономикасынын туруктуулугун баалады

Эл аралык серепчилер мунай каатчылыгына байланыштуу Казакстан экономикасынын туруктуулугун баалады

Moody's Investors Service эл аралык даражалоо агенттигинин эсебине ылайык, дүйнөнү тынчсыздандырган мунай каатчылыгы Казакстан экономикасына башка кара алтын экспорттоочулары менен салыштырганда олутту таасир эткен жок. Өлкөдө сарамжалдуу бюджеттик өбөлгөлөрдү өз учурунда кабыл алуунун натыйжасында суюк отунга баанын төмөндөөсүнө көз карандылык азайган.

«Мунай баасынын алсыздануусуна карабастан, мүнай өндүрүшүнүн көлөмүн кыйла арттырууга жөндөмдүү жана 2015-2016-жылдардагыдай чыгаша көлөмүн кыскарта алган өлкөлөрдүн бул каатчылыкты жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрү жогору болот. Ошондой эле, Катар, Орусия, Азербайжан, Казакстан мыкты бюджеттик позициянын аркасында мунай баасынын түшүшү менен жергиликтүү валютанын төмөндөшүнө даяр болуп,  фискалдуу алсыздык төмөндөйт» деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек,  Moody's Brent маркалуу мунай баасынын төмөндөшүнө байланыштуу кыска мөөнөттүү божомолдорго ылайык, наркы 2020-жылы 30 пайызга азайып  баррелине орто эсеп менен 40-45 доллар, ал эми 2021-жылы  15 пайызга кыскарып, баррелине 50-55 доллар болот деп баалады. Бирок агенттик орто мөөнөттүү болжолго карата баррель баасы 50-70 доллар чамасында сактала турганын айтат.

Фото: ritmeurasia.org