КР Улуттук банкы: Ковид-19 вирусунун накталай акча аркылуу таралуу ыктымалдуулу төмөн

КР Улуттук банкы: Ковид-19 вирусунун накталай акча аркылуу таралуу ыктымалдуулу төмөн

Коронавирус пандемиясы учурунда байланышсыз төлөм жолдорун пайдаланган жакшы. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын маалымдамасында айтылат. «Дүкөндөр менен дарыканаларда, онлайн соодада накталай эмес төлөм менен эсеп алмашууга кеңеш беребиз. Бул байланыштын саны менен деңгээлин төмөндөтүп, коронавирустун таралышына жол бербейт», - деп айтылат маалыматта.  

Улуттук банктын накталай акча жүгүртүү департаментинин мүдүрү Жомарт Кажымуратовдун айтымында,  ковид-19 вирусунун таралуу ыктымалдуулугуна байланыштуу түшүндүрмө берүү Улуттук банктын милдетине кирбейт.

«Накталай акчаны пайдаланууга байланыштуу коркунуч - эшиктин туткасын, насыя картасын же мобилдик телефонду кармап, пайдалануу кооптуулугунан жогору эместигине көңүлүңүздөрдү бурабыз. Биз колубуз менен күндө кармаган канча буюм бар. Ковид-19 жуккан банкноттун жүгүртүүгө түшүү ыктымалдыгы төмөн. Эң биринчи кезекте, банкнот узак убакыт бою инкассацияда сакталат. Улуттук банктын ички нормативине ылайык, экинчи деңгээлдеги банктардан түшкөн накталай акча кайра эсептелгенге чейин 45 күн бою, ал эми эсептелгенден кийин 1 жылга чейин ачылбай жатышы мүмкүн», - деди Улуттук банктын накталай акча жүгүртүү департаментинин мүдүрү Жомарт Кажымуратов.

Эске сала кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирусту банкноталар аркылуу да жуктурууга болот деп эсептейт. Ошондуктан уюм накталай акчаны кармаган кезде бетиңизди кармабай колуңузду тез-тез жууп турууга кеңеш берет.

 

Фото: kursiv.kz