ЭВФ: Коронавирустун дүйнө экономикасына соккусу оор болот

ЭВФ: Коронавирустун дүйнө экономикасына соккусу оор болот

Коронавирус пандемиясынын дүйнө экономикасына тийгизген таасири чоң болот. Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, учурда анын үчтөн бир бөлүгү рецессия абалында. Серепчилердин пикиринде, ковид-19 вирусунун терс таасири унаа өнөр жайынан баштап туризмге чейинки бардык тармактарын камтыйт.

Европадагы автоконцерндер өндүрүштөрүн массалык түрдө токтотууда. Volkswagen Group, PSA Group (Peugeot, Citroen, DS, Vauxhall жана Opel), Fiat Chrysler жана Daimler жетекчилиги ушундай чечим кабыл алган. Renault Испаниядагы өндүрүшүн жана сатууларын токтотту. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Volvo Cars, Бельгиянын Гент шаарындагы заводу жабылды.  Европадагы мындай абал Орусиядагы өндүрүштөргө жеткирүү иштерине олуттуу таасир этет.  Унаа транспорт бренддеринин бир нече өкүлчүлүгү өлкө ичиндеги өндүрүштүк программаларына өзгөртүүлөр киргизиле турганы боюнча кабарлады. Аны менен катар АР агенттигинин кабарлашынча, АКШда General Motors, Ford жана Fiat Chrysler өз заводдору жүмуштарын убактылуу токтотуп койду. Коронавирустун таралуусуна байланыштуу БМВ концерни да Европа менен Түштүк Африка аймагында унаа өндүрүшүн төрт аптага, чын курандын 19уна чейин токтотконун кабарлады.

Ал эми эл аралык авиа транспорту коомчулугу дүйнө жүзүндөгү авиа компанияларынын жүргүнчү ташуудан ала турган кирешелери 44 пайызга же 252 миллиард долларга кыскартылышы боюнча болжолдонууда. Мындай болжол ташууга болгон чектөө үч айга уланып, андан кийин экономикалык өсүш баштала турган абалга ылайыкталып жасалганын эске алуу керек. Биримдик адистеринин маалыматына ылайык, 2019-жыл менен салыштырганда быйыл дүйнөдө жүргүнчүлөрдүн агымы 38 пайызга кысккарды.  

 

Фото: www.fondsk.ru