Кытай: COVID 19дун таралуусу токтогондон кийин бизнеске кандай колдоо көрсөтүлөт?

Кытай: COVID 19дун таралуусу токтогондон кийин бизнеске кандай колдоо көрсөтүлөт?

КЭРда өндүрүштөрдү кайра жандандыруу үчүн атайын онлайн-платформа түзүлдү. Электрондук аянтчаны Пекиндин мүлк биржасы 24 сааттын ичинде жасап чыгарды. Бул платформаны иштетүү менен алектене турган көптөгөн компаниялар үчүн абдан пайдалуу болду. Анткени коронавирустун пайда болуусуна байланыштуу Кытайда жеткирүүлөр иши үзгүлтүккө учурап, чийки заттын жетишпестигинен ишканалар калыптуу режимде иштерин уланта албай, жабылып калган эле.

«Эки жактын тең компаниялары бизден түз платформадан ресурстарды көрө алышат. Аны менен катар өз керектөөлөрү тууралуу маалымат калтыруу үчүн эсептик каттоолоруна мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бардык маалыматтар текшерилет. Платформа келишимдерди түзүүгө жана максаттары шайкеш болбогон шартта андан ары каржылоого көмөктөшөт», - дешет компаниянын өкүлдөрү.

Онлайн-платформа ишке кошулган убакыттан баштап 53 сунуш жана 13 суроо-талап жарыялаган. Алар негизинен вирустан сактануу каражаттарынын өндүрүшүнө байланыштуу. Долбоорчулар ишканалардын жумушу кайра жанданган соң товарлар менен чийки заттын башка түрлөрүнө да суроо-талап артат деген ишенимде. Ошондой эле онлайн-аянтчага катышуучулар үчүн бир нече банктан насыя алуу мүмкүнчүлүгү да караштырылган.  Мамлекеттик мекемелер өкүлдөрүнүн кабарлоосунда, коронавируска байланыштуу абал турукташкан соң аянтчанын иши улана берет.

«Бизге платформанын иштегени керек. Убакыт өтүшү менен бизнес калыбына келет. Бирок маалымат алмашууга деген суроо-талап сакталат. Глобалдашууну эске алсак, Кытай менен дүйнөлүк өндүрүштүк жеткирүүнүн өз ара байланышы бекемделет. Бул тармакта изилдөөлөр жүргүзүлүп, дүйнө жүзүндөгү компаниялар үчүн кызматтардын спектри кеңейтилүүдө», - деп белгиледи Пекин мүлк биржасынын башчысы Чжу Гэ.

Кытай экономикасы ковид-19 эпидемиясынан кийин тез турукташа баштады. Расмий маалыматка ылайык, энергетика жана транспорт сыяктуу башкы тармактардагы компаниялардын 95 пайызы жумуштарын кайрадан жанданткан.

 

Фото: russian.cgtn.com