Бизнеске колдоо көрсөтүлөт

Бизнеске колдоо көрсөтүлөт

Казакстан өкмөтү коронавирус пандемиясына карата жарыяланган өзгөчө кырдаал режиминде чектелүү форматта жумушка өткөн чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүлө турганын кабарлайт. Бул тууралуу жума күнкү онлайн-брифинг учурунда премьер-министрдин орун басары Ералы Тогжанов маалымдады.

Анын айтуусунда, ишкерликти колдоо максатында бир катар салык аракеттер иштелип чыгат.

«Ишкерлерди колдоо максатында салыктардын бир катар түрүнө жеңилдиктер каралган. Чакан жана орто бизнестин категориялары үчүн, анын ичинде соода-оюн зоок борборлору, кинотеатрлар, көргөзмөлөр үчүн жеке мүлккө төлөнө турган салыктарды жана салыктар боюнча карыздарын төлөөнү убактылуу токтуу, жалпы тартипте иштеген 70 миңге жакын ишкердик ээси жылдын аягына чейин 10 пайыздык жеке киреше салыгынан бошотуу сунушталат",-деди вице-премьер.

Ошондой эле, ишкерлердин башчылыгына, бизнес коомчулукка, кызматкерлердин эмгек укуктаранын сакталышын жана аларды кыскартууга жол бербөөнү камсыздап, социалдык көйгөйлөрдү азайтуу боюнча чараларды кабыл алуу жүктөлдү.

«Азыркы шартта жумуш орундарын сактоону камсыз кылуу эле эмес, ошону менен бирге 431 миң жаңы жумуш ордун түзүү милдети турат. Өкмөт иш менен камсыздоого, аны менен катар аймактардагы актуалдуу инфраструктуралык маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет. Атап айта турган болсок, социалдык, турак-жай коммуналдык обьектилерди кайрадан жаңыртуу жана жөнгө салуу»,-деп маалымдады Казакстан Республикасынын премьер министринин орун басары Ералы Тогжанов.