Айыл чарбачылыгына 5 жылда 4,4 триллион теңге инвестиция тартылат

Айыл чарбачылыгына 5 жылда 4,4 триллион теңге инвестиция тартылат

Өлкөнүн айыл чарбачылыгына тартыла турган инвестиция рекорддук көлөмдө артып келет. Мисалы былтыркы жылды 2018-жыл менен салыштырсак агро өнөр жай комплексине салынган каржы 41 пайызга өскөн. Ал 500 миллиард теңге чамасында болду. Ал эми быйыл көрсөткүч дагы кыйла өсүп, тармактын өнүгүшүнө 559 миллиард теңге багыттылат. Натыйжада ата мекендик өнүмдөрдүн атаандаштыкка туруктуулугун арттырып, импорт алмаштырууну көздөгөн 94 инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруу пландалган. Жалпысынан алдыдагы беш жылда бул өсүү темпин сактап, мекеме 4,4 триллион теңге инвестиция тартууну көздөп жатат. Буга байланыштуу өлкөнүн айыл чарба министрлиги менен өкмөт ортосунда тийешелүү мемарандумга кол коюлган.

АЙХАН СУЛТАН, КРНЫН АШМ СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДОО ЖАНА ТАЛДОО ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШКЫ СЕРЕПЧИСИ:

- Ошондой эле биз тармактын өнүгүшүнө ири инвесторлор менен транс улуттук компанияларды тартуу ишин жигердүү түрдө жүргүзөбүз. Бул эң алды менен чет элдик инвестиция тартуу менен катар тармакка алдыңкы үлгүдөгү технологияларды киргизүүгө чоң түрткү болот. Буга кошумча эл аралык технологиялар компаниялардын глобалдык деңгээлдеги байланыштары жана адистерди дүйнөлүк стандарттарга ылайык окутууга мүмкүндүк берет.

 

Фото:openbusiness.ru