Казакстандын мунай өндүрүүчү компаниялары үнөмдөө режимине өтөт

Казакстандын мунай өндүрүүчү компаниялары үнөмдөө режимине өтөт

Казакстандын мунай өндүрүүчү компаниялары үнөмдөө режимине өтөт. Инвесторлор өз кезегинде күтүү позициясын карманышат. Учурдагы окуялардын пайда болушуна кара алтынга болгон баанын реккорддук алсыроосу себеп. Туруксуз шартта мунай-сервистик компаниялар өздөрүнүн кооптонууларын билдирүүдө. Казакстанда бир мунай өндүрүүчү комманияга 5 сервистик-компания туура келет. Бардыгы эки минге жакын. Серепчилер кара алтындын дүйнөлүк рыноктогу абалы биринчи кезекте аларга  таасир этерин айтат. Компаниялар ушул жылы алар көрсөткөн кызматтардын саны кыйла кыскарышы мүмкүн деп кооптонот. Адистердин пикиринде, коопсуздук учурда чет элдик компаниялар менен келишим-шарттарды ата мекендик компаниялардын пайдасына кайрадан карап чыгуу болушу мүмкүн. Казакстандын мунай-сервистик уюмдары биримдигинин төрагасы Рашид Жаксылыков аларга 100 миллион долларга чейинки бардык буйрутмаларды берүүнү сунуштады.

Кара алтын рыногундагы туруксуз абал улуттук валютага да таасирин тийгизди. Экономист Касымхан Каппаров эгерде бир ай ичинде мунай баасы баррелине 40 долларга чейин көтөрүлбөй турган болсо, Улуттук банк үчүн теңгенин курсун кармоо кыйын болот деп эсептейт.

 

 

Фото: trend.az