Казакстан менен Өзбекстан ортосундагы товар жүгүртүү 10,5 пайызга артты

Казакстан менен Өзбекстан ортосундагы товар жүгүртүү 10,5 пайызга артты

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу 2019-жылы 2,7 миллиард доллардан ашты. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 10,6 пайызга көп деп кабарлайт Finprom порталы. Эки тараптуу товар жүгүртүүнүн басымдуу бөлүгүн экспорт түзөт. Былтыр Казакстан коңшу өлкөгө 2 миллиард АКШ долларлык товар менен кызматын жеткирген. Ал эми Өзбекстандан алып келинген импорт алдыңкы жылдагы көрсөткүчтөргө караганда 20,6 пайызга артып, 771,2 миллион долларды туздү. Быйылкы жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча, Казакстанда өзбек капиталынын катышуусу менен бир миң 154 ишкана иштейт. Алардын көпчүлүгү соода жана курулуш, илимий жана техникалык кызмат тармактарында иш алып барат.