Казакстандын айыл чарбасы өнүгөт

2024-жылга карата Казакстандын ички рыногу өзүн куш эти, колбаса өнүмдөрү, сыр жана быштак, балык, алма, кант менен толук камсыздалат. Бул тууралуу айыл чарба министри Сапархан Омаров кабарлады. Анын айтымында, учурда бул товарлар боюнча импорт 220 миллиард теңгеден ашат. Жергиликтүү рынокту жана керектөөчүлөрдүн суроо-талабын канааттандыруу үчүн мекеме атайын тармактык программаларды иштеп чыкты. Аларды ишке ашыруу алкагында быйылкы жылы республикада 25 өнөр жайлык сүт-товарлар фермасы, 3 эт комбинаты, 8 канаттуулар фабрикасы салынат. Ошондой эле, кант заводу курулат. Жалпысынан аларды ишке кошуу үчүн жеке инвесторлорду тартуу көздөлүп жатканын министр кошумчалайт.

САПАРХАН ОМАРОВ, АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРИ:

- Бардык долбоорлор боюнча былтыр даярдык иштери жүргүзүлүп, конкреттүү инвесторлор аныкталып, азыркы учурда каржылоо маселеси чечилүүдө. Трансулуттук компанияларды кошкондо ири инвесторлор тартылат. Бул бизге өлкөгө чет элдик инвестицияларды гана тартпастан, дүйнөлүк рыноктогу соода байланыштары бар алдыңкы технологияларды тартууга, казакстандык адистердин квалификациясын жогорулатууга жана 12 миңден ашык жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Фото: 365info.kz