Теңгенин түшүүсү уланат

Казакстандык фонд биржасында доллар дароо 28 теңгеге кымбаттады. Учурдагы баа 434 теңге 38 тыйынды түзүүдө. Республиканын Улуттук банкы базалык ченди 12 пайыз деңгээлинде кармап туруу боюнча чечим кабыл алганын кабарлады. Аны менен катар, Брент маркалуу мунай баасы боюнча болжол кайра каралып, 60тан 35 долларга чейин төмөндөдү. Эске сала кетсек, жалган куран айынын 9да кара алтындын баасы 20 пайызга чейин кескин түшүп кеткен. Мындай арзан баадагы мунай акыркы жолу 2016-жылы сатылган. Баанын төмөндөшү бүгүн дагы уланды. Ошентип, кара алтындын баасы дагы алты пайызга арзандай түштү. Рыноктогу абалга тынчсызданган инвесторлор аракет кыла баштады.

АРМАН БАЙГАНОВ, ЭКОНОМИСТ:

- Бул түбөлүк эмес. Бир нече айга, жарым жылга созулушу мүмкүн. Ошондон кийин дүйнөдө чийки затка, керектөөчү ресурска болгон суроо-талап кайра калыбына келет. Бул өз кезегинде улуттук валютабызга кысымды төмөндөтөт.  Анан да дагы бир кырдаалды эске алган туура: бизге таасир этип жаткан макроэкономикалык абалдан башка ички факторлор да жаралды. Ал – өзгөчө кырдаал режиминин киргизилиши. Бул – өтө керек болгон чара. Ошондуктан кыйынчылык учурунда өкмөт үчүн экономикалык түрткү берүү чараларын иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болот. Бизде каржы көлөмү 60 миллиард доллар болгон улуттук фонд бар. Кыйын кырдаалда колдоо чараларына керектүү каражат ошондон алынышы мүмкүн.

www.lada.kz