Казакстанда социалдык мааниси бар азык-түлүк тартышыгы жок

Казакстанда социалдык мааниси бар азык-түлүк тартышыгы жок. Бул тууралуу РКнын соода интеграция министри Бакыт Султанов билдирди. Аны менен катар, айыл чарба министрлиги элди азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүүдө. Азыркы убакта өлкөдө 1,2 миллион тоннадан ашык азык-түлүк кору бар. Бул 5-6 айга жетет. Ошондой эле, азык-түлүк коопсуздугуна да өзгөчө маани берилүүдө.

БАКЫТ СУЛТАНОВ, РКНЫН СООДА ЖАНА ИНТЕГРАЦИЯ МИНИСТРИ:

- Азыркы учурда социалдык мааниси бар товарлар боюнча кырдаал турукташты. Казакстанда негизинен тоок эти жана кант импорттолот. Азыркы кезде Орусияда бул өнүмдөр ашыгы менен чыгарылып жатат. Ошондуктан Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында аталган өнүмдөрдү ички базарга алып келүүдө эч кандай көйгөй болбойт. Буга чейин кол коюлган келишимдер толук көлөмдө аткарылат. Мындан тышкары, жергиликтүү аткаруу органдары шаарлардын жана калктуу конуштарды толук көлөмдө өнүм  менен камсыз кылуу үчүн кошумча чараларды кабыл алып жатат. Ошондой эле, аймак аралык кызматташуу, азык-түлүк алмашуу системасы жөнгө салынды.

Мындан сырткары, министр азыркы убакта ички рыноктогу азык-түлүк баасы туруктуу экенин билдирди. Жалпысынан, жыл башынан бери 2 айдын ичинде баанын өсүшү 0,6 пайызды түзгөн. Бул 2015-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч.

Фото: mix.tn.kz