Дыйкан чарбаларын субсидиялоо жакшырат

Агроөнөр жай комплексин субсидиялоо системасын жакшыртуу зарыл. Мындай сунуш өлкө ишкерлеринин укуктарын коргоо боюнча тиешелүү органдарга багытталган. Алардын айтымы боюнча, көптөгөн тоскоолдуктардан улам айыл чарба кожолуктарынын 40 пайызга жакыны мамлекеттик колдоодон кур жалак калууда. Акыркы үч жылдын ичинде субсидиялоо эрежелери 47 жолу өзгөргөн. Чарбалардын көпчүлүгү жаңы талаптардын тартибине кошула албай өтүнүчтү кеч тапшырып жатканын көрүүгө болот. Жол жана убакыт маселелерин чечүү үчүн табыштамаларды кабыл алуу электрондук форматка өткөрүлгөн. Бирок, кең тилкелүү интернет желеси алыскы айыл эмгекчилеринин баарына бирдей жеткиликтүү эмес.

КЕҢЕС АБСАТИРОВ, РКНЫН ПАРЛАМЕНТИ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Өлкөнүн көптөгөн дыйкан чарбалары аларга таандык болгон субсидиялардан пайдалана алышпайт же мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларынын көпчүлүк бөлүгү ички өнүмү жогору агро ишканаларга жана холдингдерге негизделген. Биз өкмөт багыттаган колдоонун эмнеликтен жеткиликсиз экенин билүү үчүн аймактарды кыдырып, чарбалар менен жолуктук. Ишкерлер палатасы менен биргеликте жүргүзүлгөн жолугушуулардын жүрүшүндө негизги себептерин аныктап, талдап чыктык. Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча кеңеште бул маселелер талкууланат жана чечимдери изделет.

Фото: inbusiness.kz