Казакстан инвесторлорго салыктык насыя менен КНС боюнча жеңилдик сунуштайт

Казакстан жеңил жана тамак-аш өнөр жайынын өнүгүшүнө дем берүү боюнча чараларды колго алат. Ал үчүн аталган тармактарга каржы салган инвесторлорго бир катар жеңилдиктер каралат. Улуттук экономика министрлиги колдонуудагы мыйзамга сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, кирешеси 2 жарым миллиард теңгеден ашкан инвесторлорду жер жана киреше салыгынан 10 жылга, ал эми мүлк салыгынан 80 жылга бошотулат. Учурдагы мыйзам боюнча, мындай жеңилдик кирешеси 5 миллиард теңгеден ашкан инвесторлорго берилет. Сунушталып жаткан документ Мажилистин кароосуна жиберилди.

МАДИ ТАКИЕВ, РКНЫН УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Жеңил жана тамак-аш өнөр жайынын инвестициялык долбоорлорду тартуу үчүн инвестициялардын чектик өлчөмүн эки миллион айлык эсептик көрсөткүчтөн бир миллион айлык көрсөткүчкө чейин төмөндөтүү сунушталган. Башкача айтканда, келишим-шартка отуруу үчүн 5 миллиард теңге каржы салуу кажет эмес. Аталган чаралар инвесторлорду көбүрөөк тартууга мүмкүндүк берет. Азыртан эле кызыктар болгон компаниялар бар. Бул норма ошол себептен түзүлгөн.

Фото: ru.sputniknews.kz