Каржы стабилдүүлүгүн камсыздоо чаралары

"Кара дүйшөмбүнүн" кесепети көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасына таасир этиши мүмкүн. Казакстан мунай рыногунда жалпы дүйнөлүк каатчылыктын республика экономикасына таасирин азайтуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого ниеттенүүдө. Тактап айтканда, өкмөт артыкчылыксыз бюджеттик чыгымдарды кыскартууну көздөөдө. Мында кеп жүздөн үч жүз миллиард теңгеге чейинки сумма жөнүндө болуп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда улуттук экономика министри Руслан Даленов билдирди. Анын айтымында, мамлекет имидждик жана консалтингдик иш-чараларды кыскартууга, ошондой эле, мамлекеттик органдардын ашыкча чыгашаларын оптималдаштырууга ниеттенүүдө. Мындан сырткары, бир катар инвест долбоорлорду ишке ашыруу токтотулат. Өкмөттө белгиленгендей, калк алдында бардык социалдык милдеттенмелер аткарылат. Пенсияларды жана жөлөк пулдарды индексациялоо боюнча чаралар улуттук платформанын жаңы курсун эске алуу менен кабыл алынат.

АСКАР МАМИН, РКНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Улуттук экономикага терс тышкы конъюнктурадан таасирлерди минималдаштырууга багытталган бир катар чаралар иштелип чыкты. Бул чаралардын негизги максаты - калктын бакубат жашоосун сактоо болуп саналат, биздин жарандардын эч кимиси кыйын кырдаалга калтырылбайт.

Өлкөнүн каржылык рыногундагы туруктуулукту камсыз кылуу үчүн кошумча чараларды Казакстандын Улуттук банкы да кабыл алууга даяр. Бул тууралуу улуттук банктын төрагасы Ерболат Досаев билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк рынокто мунай баасынын кескин түшүүсүнө байланыштуу Улуттук банк бүгүнкү күндөн тартып базалык бааны 9,25%дан 12%га чейин жогорулатат.

Айта кетсек, макроэкономикалык туруктуулукту сактоо максатында Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча республикада премьер-министр Аскар Маминдин жетекчилиги менен ыкчам чара көрүү штабы түзүлдү.

Фото: primeminister.kz