Серепчилер: Мунай баасынын төмөндөшү Казакстан экономикасына олуттуу таасир этпейт

Дүйнөдө мунайга болгон баа кайрадан акырындык менен жогорулоодо. Лондон корунун биржасында "Брент" маркасындагы мунай баасы 7 пайызга өсүп, баррелине 36 долларга жетти. Эске салсак, өткөн жума күнү ОПЕК өлкөлөрү дүйнөлүк мунай өндүрүү көлөмү боюнча келишимди узартуу маселесин талкуулап, бир чечимге келе алган эмес. Натыйжада мунайдын баасы кескин төмөндөп,  доллардын баасы көтөрүлүп кеткен.

АРМАН БАЙГАНОВ, ЭКОНОМИСТ:

- ОПЕК уюму ыдырап кетүү коркунучунда турат. Азыр күчтүүлөрдүн заманы. Башкача айтканда, ири мунай компанияларынын заманы. Алар өндүрүү көлөмүн көбөйтүүнү токтотпойт. Сауд Арабиясы да, Ирак да, башка компаниялар да ушундай тартипте иштейт.

Серепчилер мунайга болгон баанын кыска мөөнөттүк төмөндөшү Казакстандын экономикасына олуттуу таасир этпейт деп эсептешет. Алардын айтымында, баа баррелине 20 долларга чейин төмөндөгөн күндө же бул нерсе 1-2 ай бою туруктуу болуп турса гана экономикага зыяны оор болушу мүмкүн. Мындай учурда Улуттук корго жүгүртүү же трансферттерди көбөйтүү муктаждыгы келип чыгат. Бул абалда Улуттук фонддун дарамети канчага чейин жете турганы эсептелип чыккан. Колдонмо экономиканы изилдөө борборунун мүдүрү Олжас Төлеуов эгер баа баррелине 10-20 долларга чейин төмөндөй турган болсо өлкөнүн кору болжол менен 6-7 жылга жетет. Анын пикиринде, республиканын банк системасы азыркы дүйнөлүк рыноктогу төмөндөөлөргө туруштук берүүгө даяр.

ОЛЖАС ТӨЛЕУОВ, КОЛДОНМО ЭКОНОМИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР БОРБОРУНУН БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Азыркы убакытта банктагы кор жеткиликтүү. Бардык маалымдамаларга ылайык, бүт банктар туңгуюктан чыга алат деген ишеним бар. Деген менен маселеге көңүл кош эмес, олуттуу кароо керек.

Экономисттер казакстандыктарды каражаттарын алмаштырууга эмес, расмий сооданы күтүүгө кеңеш берет. Алар колдогу бар валюталарды, айрыкча ири сумманы долларга айландыруунун кажети жок экенин айтышат.

Фото: ria.ru